5 февраля 2013, 19:40

Өзбекстан «Камбарата-1» ГЭСин куруу долбооруна катышуудан баш тартты




Маалыматка ылайык, Казакстандын кийлигишүүсү менен Алмата шаарында 2012-жылдын 5-октябрында Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде «Камбарата-1» ГЭСин куруу долбооруна катышуу маселеси боюнча жолугушуу өткөн. Өзбекстандын атынан талкууга Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов катышкан.

«Жолугушууда аталган маселе боюнча 4 тараптуу иштиктүү топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынган, бирок кийинчерээк өзбек тарап бул жолугушууларга катышуудан баш тарткан. Кыргызстан расмий Өзбекстандын конструктивдүү диалогдон жана өз-ара пайдалуу кызматташуудан баш тартуусуна, ошондой эле күмөндүү далилдерге таянган үзгүлтүксүз макалалар жана билдирүүлөр карт тарыхты башынан кечирип келген коңшулаш калктын мамилелеринин татаалдашусуна алып келип жаткандыгына өкүнөт, - деп айтылат билдирүүдө.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021