7 февраля 2013, 17:48

Зарылбек Рысалиев: Ө.Текебаев мени коркуткан

Зарылбек Рысалиев: Ө.Текебаев мени коркуткан2010-жылы апрель айындагы мародерлук фактыларын депутаттык комиссия менен бирге иликтөө учурунда ар кандай коркутуулар болду, деп билдирди жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында.

Айта кетсек, учурда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда.

З.Рысалиевдин айтымында, депутат Өмүрбек Текебаев телефон чалып, ага басым көрсөткөн. «Өмүрбек Чиркешович мага чалып, «угроза» дейсиңерби, билбейм. Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан сенин үстүңдөн комиссия түзүлдү. Алар сени камабаса, анда сенин артыңа мен өзүм отурам» деди. «Сиз антип мени коркутпаңыз, мен коркуп бүткөм, же эмне прокурорсузбу, эгер андай болсо жөн эле чакырткыла мен барам» дедим», - деп билдирди Рысалиев.

Анын айтымында, Ө.Текебаев аны Бакиев да, Акаев да коркута алган эместигин айтып, «сиз да мени коркута албайсыз» деген.

Эске салсак, З.Рысалиев ИИМ министр учурунда президенттин тапшырмасы боюнча тергөө ишин жүргүзүп, Юсуповдун мародерлук боюнча көрсөтмөсү тергөө ишинде 85% аныкталганын билдирген.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter