7 февраля 2013, 18:32

Майлуу-Сууда "Ата-Журттун" тарапкерлеринин митинги өттү

Майлуу-Сууда "Ата-Журттун" тарапкерлеринин митинги өттүМайлуу-Суу шаарында "Ата-Журт" партиясынын камактагы үч лидеринин тарапкерлери митинг өткөрдү. Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду соттон актап, биротоло бошотууну талап кылды. 

Депутаттарды бошотуу боюнча Жалал-Абад облусундагы акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы Медер Үсөновдун "Азаттыкка" айтымында, 300-400 адам бүгүнкү акцияда бийликти сот ишине аралашпоого, сотко басым жасабоого чакырды, баш прокурор Аида Салянованы кызматтан алуу жана Жогорку Кеңешти таркатуу талаптарын да койду.

Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, митингге эки жүздөн ашуун адам катышты.

"Ата-Журттун" лидерлери былтыр октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолууда. 
 
 
 
azattyk.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter