8 февраля 2013, 11:39

Жамал апа Акылбек Жапаровду көзү талып күтүп атат

Жамал апа Акылбек Жапаровду көзү талып күтүп ататАкылбек Жапаровду кимдер билбейт. Депутат, министр, вице-премьер-министр болгон. Мындай кызматка чыныгы кесипкөйлүгү, билими эмес, айлакерлиги жеткирген. Акылбек мырза жөнүндө айта берсе узун кеп болуп кетет. Андыктан, анын баарына токтолуп кереги жок. Өзү Кочкор районунан болгону менен жердештери анча жактыра беришпейт. Бир кезде Т.Усубалиевге каршы чыккан дешип улуу муундагылар жеришсе, жаш муундагылар айтканына турбаган шылуун катары кабылдашат.

Мындай дегенибиздин жүйөөсү бар. Мындан туура жети жыл мурун, тактап айтканда, 2006-жылы, союздун учурунда раисполкомдо биринчи катчылык кызматты аркалаган Жамал Аккөзова аттуу айылдаш апасынын үйү жер титирөөдөн улам кыйрап калат. Райондук акимчилик Ж.Аккөзовага жаңы үй салып берет. Бул кабар ал учурда финансы министри болуп, "толуп” турганда Акылбек Үсенбековичке жетип, үйдүн дубалын, дарбазасын салып берүүгө көпчүлүктүн көзүнчө убада берет. Тилекке каршы, ошол убада ушул күнгө чейин аткарылбай келе жатканына Жамал апа түшүнбөй келет. Кантсе да коммунист доорунда чындык деп чыркырап көнүп калган да.

Ал эми бизге жеткен маалыматка караганда, А.Жапаров бийликтен шыпырылганы телевидение ачмакчы болуп жүгүрүп жүргөнүн кулагыбыз чалганы бар. Акылбек Үсенбекович, жердештер керек болоор маал да келер. Андыктан карыган Жамал апаңызды кайгыртпай, эмгегин эстеп, айтканыңызды аткарып койсоңуз! Сизди ал киши бешикке бөлөбөсө да, ал киши өндүргөн нанды жеп эр жеткениңиз жалганбы? Турдуакун атаңыз кантсе да сизге таарынбайт. Эркек киши эмеспи. Аял, апа деген ыйык болот, деп жазылган «Айбат» гезитинин 8-февралдагы санында.

Булак : Айбат
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter