11 февраля 2013, 18:53

Сыйдан кетпеңиз, экс-президент...



Сыйдан кетпеңиз, экс-президент...Экс-президент Роза Отунбаева «Бекназаровдор менен биригип, жазгы революцияга даярданып жатыптыр», деген кепти уккандар эжекебиздин бетине түкүргүдөй эле болуп жатышат. Бул тууралуу «Ачык саясат» гезитинин 8-февралда чыккан санында жазылууда.

«Экс-президент деген макамды алды. Токсон миң сом президенттик пенсия алат экен. Мамлекеттик резиденцияда жашайт. Коопсуздугу сакталган. Байлык дегенди басып койгон. «Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берди», деп баары сый урмат менен карашат. Дагы эмне керек? Бир гана нерсе - азыркы бийликке кеп-кеңешин айткандын ордуна обу жокторго кошулуп, бийликти ойрон кылууга эмне себеп болгондугун билбегендер толтура. Биз билгенден анын таарынчы Атамбаев кабыл албай жаткан экен. Бул экөөнүн ортосун кайсы кара мышык аралаганы белгисиз. Бишкектеги крутой мейманканалардын бирине америкалык үч «фигура» келип, бир айдан бери жатыптыр. Ошол «фигураларга» «Отунбаева жолугуп кетип жүрөт», дешет. Сыягы ортодо чоң акча маселесин чечип жатышкандай. Бул эжекебиздин тушунда 7-апрелде Бишкекте, июнда түштүктө кан төгүлдү. Ал окуялардын да аягына чыгып, президенттик милдетин аткарып койгон жок. Тынч кеткенден кийин тынч эле отурса болмок экен деп баш чайкаган эле адамдар. Усубалиев аксакалча жокпу эмне... Эмнеси болсо да сыйдан кетпеңиз, Роза эже», - деп жазылат гезитте.

Булак : «Ачык саясат»
      

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
umut
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter