11 февраля 2013, 19:01

Т.Акун Үзөңгү-Куушту кайра кайтаруу керектигин билдирди



Т.Акун Үзөңгү-Куушту кайра кайтаруу керектигин билдирдиАкыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстан Үзөңгү-Куушту Кытайдан кайра алыш керек деген оюн, маркум Шералы Назаркуловду эскерүү митингинде билдирди. Бул тууралуу «Фабула» гезити 8-февралда чыккан санында маалымдайт.

Албетте, жакшы айтты. Бирок «жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» демекчи, эми Кытай Үзөңгү-Куушту бергиле десек эле кармата коёт бекен. Ошол учурда бербеш керек болчу. Азыр миң өкүрүп чач жулсак дагы, кеткен жерди кайтарып алууга чамабыз жетпейт. Андыктан, учурдагы жерлерибизди тарттырып жибербей, сактап калалычы.

Эске сала кетсек, укук коргоочу, экономист, публицист жана коомдук ишмер Шералы Назаркулов 2002-жылдын 7-февралында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күндүк саясий ачкачылыктан кийин көз жумган болчу. Ал саясий акция айыл чарба министрлигинин алдындагы аянтчада өткөн.

Булак : «Фабула»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
umut
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter