11 февраля 2013, 19:24

Парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуунун кажети канчалык?



Парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуунун кажети канчалык?Алмаз БААТЫРБЕКОВ, ЖК депутаты, «Республика» фракциясы: «Парламентти таркатуунун өзүнүн процедуралары бар»

- Бардык иш мыйзам чегинде жасалыш керек да. Парламентти таркатуунун дагы өзүнүн процедуралары бар. Ал эми мөөнөтүнөн мурда таркатуу демилгесин көтөрүп жаткандар, парламентке шайлоо аркылуу кире албай калган саясый күчтөр болуш керек. Алар элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ушундай демилгелерди көтөрүп жатышат. Ошондуктан азыркы тапта парламентти таркатуунун эч кандай кажети жок. Мен муну парламентте отурган депутат катары эмес, өлкөбүздөгү стабилдүүлүк үчүн айтып жатам.

Максат САБИРОВ, ЖК депутаты, «Республика» фракциясы: «Өзүн өзү сындап жаткан органды иштебей жатат дегенде болбойт»

- Парламентти иштебей жатат дегендерге кошула албайм. Канчалаган мыйзамдарды кабыл алып, өзгөртүүлөрдү киргизип, айтор, тынымсыз эле иштеп жатабыз. Жадакалса мурда эл билбеген өзүбүздүн ичибиздеги жагдайларды да таап чыгуудабыз. Өзүбүздү өзүбүз сындап жатабыз. Анан ушундай органды иштебей жатат кантип айтууга болот? Жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди парламент гана көтөрүп келет. Туура, парламенттин ичинде ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар. Бардыгы эле укмуш иштеп атат деп айтуудан алысмын. Бирок, жалпы жонунан алганда парламент дурус эле иштөөдө. Биз өзүбүздү өзүбү сынга алып, тазалап алсак, андан кийин өкмөттү тазалайбыз. Ушундай жол менен бийлик тазаланат. Негизги багытыбыз туура жолдо баратат. Ушундай жол менен парламент аягына чейин иштеп, кезекти кийинки парламентке өткөрүп берсек абдан жакшы болот. Парламенттик системанын биздин өлкөдө өтө манилүү экендигин байкадык. Кээде президентке чейин сын-пикирлер айтылып кетүүдө. Демек, эч ким эч кимден коркпой, ойлорун ачык айтып, сунуштарын берип жатышат.

Бакыт ОРУНБЕКОВ, «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору: «Парламентти таркатууга саясый кырдаал дагы, экономикалык жагдай дагы туура келбейт»

- Азыркы тапта парламентти таркатуунун эч кандай зарылчылыгы жок. Ага саясый кырдаал дагы, экономикалык жагдай дагы туура келбейт. Эгер ушул парламентти таркатып жиберип, башкасын шайласак эле «Май көл, сүт көл болуп жатып калат» деген бул жаңылыштык. Парламент таркап, кайра шайлоо болгон күндө деле азыркы парламенттеги депутаттардын 70 пайызы кайра келет. Анткени учурда партиялардын программасына эмес, алардын акчасына көбүрөөк көңүл бурулуп калып жатат. Ошондуктан кийинки парламентке деле байманалуу, акчалуу адамдар келип алат. Демек, алмаштырган менен айырма жок деген сөз. Азыркы парламенттин ичиндеги болуп жаткан талаш-тартыштардан, окуялардан эч кандай трагедия жасоонун кажети жок. Бардык парламенттик системадагы өлкөлөрдө ушундай болгон. Учурда парламент өкмөттү такалап жатабы? Такалап жатат, дагы такалашсын, жеп-ичкендерин айтсын. Ошондо гана эл кимдин ким экендигин биле баштайт. Бийлик өзүн-өзү тазалайт. Андыктан шашылып эле парламентти таркатууга барбаганыбыз оң.

Булак : Focus.kg
      

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
umut
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter