11 февраля 2013, 19:43

Ушул жумада «Центерра Голд» компаниясынын президенти Бишкекке учуп келет



Ушул жумада «Центерра Голд» компаниясынын президенти Бишкекке учуп келет«Центерра Голд Инк» компаниясынын президенти Ян Аткинсон келе жаткан жумада 2009-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча кол коюлган келишимди кароо үчүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу аталган компаниядагы өздүк булактар маалымдашты.

Булактын маалыматына караганда, 7-февралда саат 22:30да «Центерра Голд Инк» компаниясынын башкаруучу директорлор кеңешинин телефондук конференциясы болуп, анда «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын чыгарган чечими талкууланган.

«Телефондук конференциянын жыйынтыгында башкаруучу директорлор кеңеши «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын чыгарган чечимине өзүнүн жообун даярдашкан. Мындан тышкары эмки жумада Ян Аткинсон башында турган компаниянын делегациясы сүйлөшүү үчүн Кыргызстанга келет. Компаниянын расмий өкүлдөрү ошондо жоопту айтаары белгилүү болду», - дейт өздүк булак.

Булак : «Вечерний Бишкек»

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
umut
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter