12 февраля 2013, 16:54

Депутаттар Бишкек шаарын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Бишкек башкы архитектура мекемесинде өткөн көчмө жыйынынын жүрүшүндө ордо калааны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планы иштелип чыккандыгы белгилүү болду.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, башкы планды иштеп чыгууда 1980-жылы СССР тушунда бекитилген башкы пландын алгылыктуу жактары негиз болгон. Эми Үй курууну пландаштыруу долбоорун (ҮПД) иштеп чыгуу милдети турат.

Бишкек башкы архитектуранын бөлүм башчысы Жыргалбек Асаналиевдин берген маалыматына караганда, 1999-жылы Бишкек шаарынын аймагын жана курулуштарын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынып, ал 2006-жылы иштелип чыкан. Башкы план үч этап менен ишке ашырылган. Аны биротоло бүттү деп эсептөөгө болбойт, азыр да улантылып жатат, мындан ары да айрым оңдоп-түзөөлөр киргизиле бермекчи.

Адистин айтымында, ушу тапта ордо калаанын аянты 16,5 миң га аянтты ээлейт. 2025-жылга чейин анын жалпы аянты 25,8 миң гектарга чейин кеңейип, шаар батышка жана чыгышка карай – Сокулук районундагы Ново-Павловкадан Аламүдүн районундагы Лебединовкага чейин өсөт. Алдынала иликтөөлөргө караганда, 2025-жылы шаар калкы 1 млн 200 миң адамды түзүүгө тийиш, ал эми күнүмдүк келип-кеткендерди эске алганда, 1 млн 500 миң адамдан ашат.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан борбор шаардын жана анын айланасындагы жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу, жолду автоунаадан бошотуу чараларын көрүү, курулуштарда жаңы технологияларды колдонуу сунуштары айтылды. Ошону менен бирге, депутаттар каражаттын тартыштыгына байланыштуу алты жылдан бери аягына чыгарылбай келген Бишекек шаарынын ҮПДсын иштеп чыгуу үчүн бюджеттен 20 млн сом бөлүү маселесине көмөктөшүүгө убада берди.

Көчмө жыйынга тармактык комитеттин төрагасы Жусупали Исаев, комитет мүчөлөрү Динара Исаева, Абдырахман Маматалиев, Нарынбек Молдобаев, Акуналы Досалиев, КР өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүгүү агенттиги агенттиги менен Бишкек башкы архитектура мекемесинин адистери катышты.
Булак: Барекелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021