13 февраля 2013, 10:19

З.Рысалиев: Ө.Текебаев бирден бир саясатчы, бирок "бирогу" болуп атпайбы



Мародерлук иш УКМКга тапшырылган, ал жерден майнап чыкпаган соң, кийин ишти Генпрокуратура алган. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев «Фабула» гезитинин 12-февралда чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Генпрокуратура алганы менен ишти тык токтотту. «Ата Мекен» партиясынын кээ бир мүчөлөрүнүн мародерлук иши жөнүндөгү маселени адегенде Акматбек Келдибеков көтөргөн. Ошондой кийин ал спикердигин өткөрүп берди. Бул маселенин аягына чыгыш керек деп аракет кылып жүрүп Өмүрбек Бабанов кызматын өткөздү. Үчүнчү болуп ИИМ министри Зарылбек Рысалиев кызматынан кетти. Бул үчөөнүн аркасы менен толгон кызматкерлер кызматынан кол жууду. Баса, Шейшенбей Байзаков да мародерлук иштин аркасынан кызматтан кетти ойшойт. Демек, бул маселе кандайдыр бир «ыйык», «кол менен сөз тийгис» маселе экен да. Андай болбошу да мүмкүн, анткени, биздин кенедей мамлекетте таң калыштуу, «сыйкыр аралашмасы» бар иштер боло берет. Карабайсыңарбы, текшерип-тескеп туруп орду-ордуна коюп тынчытып койчу мародерлук иш дегениң далай адамды кызматтан алдырды, жаман иштерди жасатып жатат, дагы да жасата берет экен. Бир депутат айтты го, «бул иш эзели бүтпөйт» деп. Минтип, шашпай, терең анализден кийин айткан окшойт.

«Кандай болгон күндө да биз реалдуу дүйнөдө жашайбыз, көзү ачыктар менен көчүгү ачыктар көбөйгөнү менен реалдуу дүйнөнүн заң-закүнү өкүм сүрүп турат. Андыктан, кайдагы бир асмандагы сыйкыр күчтү издештин кереги жок, анын убарасы көп, убарасынан да уяты жаман. Демек, аталган ишти эч качан болбогон сымал жок кылып таштачу реалдуу күчтөр сөзсүз бар да. Анын анабашында «Ата Мекен» партиясынын «атасы» кадимки эле Өмүрбек Чиркешович Текебаев турат деп жатышат. Анын «серый кардинал» деген да аты бар. Тарых кайталана берет тура, илгерки француз королдорунда болчу эле «серый кардинал» дегениң», - дейт ал.

Обьективдүүлүктөн жазбай айтсак, Ө.Текебаев кыргыз элиндеги саналуу саясатчылардын бири болуп келди. Мен саясатчымын дегендердин көбүнөн жогору, салмактуу. Ал тээ Акаев бийлигинин алгачкы жылдарынан эле эркиндик, теңдик дегендер кыргыз коомунан орун алышы үчүн күрөшүп, далай азап-тозоктордон өтүп, ушул күнгө чейин ошол маселелер менен алек болуп келет. Ал өз жолунда далай кыйынчылыктарга учурады. Тиги кутурган Жаныш Бакиев бир ирет Текебаевдин сумкасына баңгизат салдырып, карматып да көрдү. Антсе да Текебаевдин баскан жолунда, күрөшү бар жолунда жакшылыгы көп болду дейли, аткени, бүгүн «бирден бир саясатчы» делген атка жетип отурат.

Ар бир иштин «бирогу» бар сымал, Ө.Текебаевдин да «бирогу» болуп жатпайбы. Анысы ушундай экен: өзүнүн партиялаштарына кенедей да тил тийгизүү керек эмес экен, анткени, партиясына тийген тил, өзүнө тийген тил. Бул бир. Экинчиден, Бакиев бийлиги кулагандан кийин Текебаевдин салмагы мурункуга караганда эки эсе өскөндөй болуп турат. Бул бийликтин келишине менин салмагым баарыныкынан жогору деген өзүнүн бүтүмү бар. Аны президент А.Атамбаев катуу колдоп турганы да биртоп иштерди жасатып жатат деп атышпайбы. Бийликке акаарат айтып моюн бербей көнгөн жаны, «сенин партиялаштарың мародер экен» дегенге көнмөкпү, аябай абройлуумун деп турган адамга, деп кошумчалайт ал.

Булак : «Фабула»
      

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021