20 февраля 2013, 16:34

7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот ишинде Оксана Малеванаянын тергөөдөгү билдирүүсү угулууда

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча соттук отурумда Кыргызстандын мурдагы президентинин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаянын тергөө ишинде күбө катары берген билдирүүсү угузулууда. "7-апрелде адаттагыдай эле жумушка келгем, анан Талас облусунда болуп өткөн окуялар тууралуу аймактардан ар кандай маалыматтар келе баштады.  Мен ал убакта маалыматтар менен иштеп жаттым. Окуя аябай кооптуу болгондугунан мен Молдомуса Конгантиевге телефон чалдым, ал мага Таласта кырдаал жакшы деп айткан. Адан көп өтпөй эле Ак үйгө куралчан аскерлер келе баштады. Алардын колунда кандай курал бар экенин билбейм.  Болжол менен саат 13:00дө Ак үйдүн алдында элдер топтоло баштады.Алар аябай агрессивдүү эле. Дароо эле таштарды ырыгыта башташты. Алардын бири менин бөлмөмө келип түштү. Бир маалда кырдаал аябай эле күчтүү болуп кетти. Эшикте ар кандай үндөр угулуп баштаганда мен такси менен үйгө кеттим."- деген Малеваная. Ошондой эле сот ишинде ага тагылган айыптар угузулууда. Эскертип кетсек, Малеваная 2010-жылдын май айында УКМК СИЗОсуна камакка алынып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган. Андан соң ал өлкөдөн качып кетип, 2012-жылы анын Украинада экендиги белгилүү болгон
БУЛАК:SUPER.KG
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021