20 февраля 2013, 17:21

Чиновниктердин каймана аттары

Чиновниктердин каймана аттары

 Кыргыз саясатчылардын арасында каймана ысымдарга бай чиновниктер жок эмес, деп жазат "Кереге" гезити 20-февралда чыккан санында.

Учурда премьер-министрлик кызматын аркалаган Жантөрө Сатыбалдиев саясатчылар арасында «Совхоз» деген каймана аткан ээ. Себеби, премьер-министр СССР убагындагы маалды көп эстегендиктенби, же сүйлөө речинде дайыма чарба деген сөздү көп колдонгондуктанбы, айтор саясатчылар ага жогорку каймана атты ыйгарышыптыр. Ал эми коомчулук жана ММК арасында «Мый-мый» деген ат менен белгилүү болуп турган чагы.

Ал эми, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков саясатчылар арасында «Ымыркай» деген каймана аты менен белгилуу. Төрага Жээнбековдор династиясынын саясатка аралашкандарынан кичүүсү болгондуктан, ошондой эле КСД партиясынын ЖКдагы депутатарынын бирине да баш көтөрүп сүйлөбөгөндүгүнөн улам ага «күнөөсү жок наристенин» сүрөттөлүшүн чаптап туруп «Ымыркай» деп ысымы тар чөйрөдө айтылып келген.

Ошондой эле мурунку тышкы иштер министри, учурда «Акыйкат» партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун саясатчылардын арасында «Жек-Потрошитель» деген каймана аты белгилүү. Мындай ысымды саясатчы Аликбек Жекшенкуловго 2006-жылы «Агым» гезити ыйгарган экен.

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев Салиевичти жергиликтүү журналисттер көбүнчө «Невкурсалиевич» деп аташчу. Президенттик мөөнөтү бүткөн соң ал Минскте жана орусиялык телеканалдарда бир нече жолу интервью бергенден кийин анын бул аты ачык айтылып баштаган. Бул каймана атты экс-президентке чет элдик массалык маалымат каражаттары ыйгарган. Анын бул аты жергиликтүү басылмаларда, интернет булактарында кеңири айтылып келет. Себеби, Кыргызстанда Курманбек Салиевич президент болуп турган убакта журналисттердин көпчүлүк суроолоруна ал дайыма «не в курсе» деп жооп берчү. Мындан улам экс-президенттин «Невкурсалиевич» деген аты пайда болгон.

Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөновго «Кыргыз Андерсени» деген ысым тиешелүү. Себеби, ал өз убагында «Акаевдин кланы» алып кеткен кыргыз байлыгын кайтарып алып келебиз деген сөздөрүнөн улам ал «Кыргыз Андерсени» аталган. Ошондой эле ал премьер-министр кызматын ээлеп турганда, Кыргызстандын жарандарына бизнес баштоо үчүн 2 миң доллардан беребиз деген керемет жомоктогудай убадасы үчүн бул каймана ат берилген.

«Князь» жана «Царь» деген эки каймана ат Кыргызстандын экс-президенти К.Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешелүү. Бакиевдин кичүү уулуна «Князь» деген каймана атты англиялык массалык маалымат каражаттары ыйгарган. Ал эми ЦАРИИ (Центральное агенство по развитию инвестициям и инновациям) пайда болгондон кийин ММКлар арасында анын «Царь» деген аты пайда болгон. Экс-президент өзү болсо, баласы Максимди ал мектепте окуп жүргөн кезден тарта эле «көнөкбаш» (головастик) деп айтчу экен, деп жазат гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter