20 февраля 2013, 17:37

«Кумтөр» маселеси боюнча С.Жапаровду баатыр кылуунун кереги жок, - депутат Т.Зулпукаров

«Кумтөр» маселеси боюнча С.Жапаровду баатыр кылуунун кереги жок, - депутат Т.Зулпукаров

 Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун кароого камактагы депутат Садыр Жапаровдун катышуусу маанилүү экенин белгилөө керек эмес. Мындай пикирди КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Анын айтымында, ЖК жыйыны регламентке ылайык жүрүшү керек. «Экинчиден, соттун чечимине кийлигишпөөбүз керек. (Биринчимай райондук сот С.Жапаровду парламент жыйынына катыштырууга уруксат берген жок). Кумтөр боюнча маселени ким биринчи көтөргөнүн, андан кимди баатыр кылып жатканыбызды жакшылап ойлонсок. Кумтөр боюнча адилетсиз келишимди биринчи жолу көтөрүп, өзүнүн позициясын айтып чыккан Насирдин Исанов болгон. Бул адам аталган келишимдерге каршы чыккан үч адамдын бири болгон. Мындай адамдар жарык дүйнөдөн кетип жатышат. Бизге бир адамды [С.Жапаров] саясатташтырып, аны баатыр кылуунун кереги жок. Эмне кереги бар, бул жерге отуруп алып, бирөөнү пиар кылгандын? Биз мындай баатырлардын көбүн көргөнбүз. Бул жерде аны саясатташтыруунун кереги жок», - деди парламентарий.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter