20 февраля 2013, 18:01

Борбордук мечитте алгачкы жолу бүткүл республикалык Куран окуу боюнча сынак болот.

Борбордук мечитте алгачкы жолу бүткүл республикалык Куран окуу боюнча сынак болот.21-февралда Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте алгачкы жолу бүткүл республикалык Куран окуу боюнча сынак болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Айта кетсек буга чейин, тактап айтканда 11-17-февраль күндөрү Бишкек жана Ош шаарынын, облус Казыяттары Куран окуу боюнча жарыш өткөрүп жеңүүчүлөргө борбордо өтө турган сынакка катышууга  жолдомо беришкен. Сынакка Бишкек шаарынан - 4, Ош шаарынан - 6, Ош облусунан - 6, Жалал-Абад облусунан - 4, Баткен облусунан - 6, Талас облусунан - 1, Чүй облусунан - 6, Ысык-Көл облусунан - 1, Нарын облусунан -2 талапкер катышат. Ошондо жалпы - 36 катышуучу ат салышмакчы. Сынак "Курандын 10 жүзүн жаттагандар" жана "Куранды толук жаттагандар" болуп эки багытта өтмөкчү. 






super.kg

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter