20 февраля 2013, 18:43

А.Шыкмаматов: «Кумтөр» мамлекетке иштеши керек

А.Шыкмаматов: «Кумтөр» мамлекетке иштеши керек

 Парламенттин 20-февралдагы жыйынында 2012-жылдын 15-февралындагы № 1642-V токтому менен түзүлгөн «Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын «Кумтөр оперейтинг компани» ЖАКсы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчету жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе талкууланды. Жыйында юстиция министри Алманбет Шыкмаматов «Кумтөр» келишиминде кандай мыйзам бузуулар болгонуна кенири токтолду.

- «Кумтөр» боюнча Кыргызстанга кыянатчылык кылган келишим бул 2003—2004-жылдары түзүлгөн келишим болуп эсептелет. Ал жылдары «Кумтөрдү» реструктуризациялоо болуп жатканда «Центерра» ишканасынын башка активдерин өтө кымбат баалап, ал эми «Кумтөрдүн» активдерин өтө төмөн баада баалап туруп, анан бизди кошуп алышкан. Ошондуктан «Центерранын» башка активдери 67 пайыз болуп, бизге болгону 33 пайыз гана тийип калган.

Чын-чынына келгенде жалпы «Центерранын» алтындарынын 92 пайызы «Кумтөрдөн» чыгат. «Кумтөрдөн» 900 тоннадан ашуун алтын чыга турган болсо, анын башка активдеринин бардыгын кошкондо дагы 900 тоннанын жарымына жетпейт. Болгону 200 тоннанын тегерегинде алтын бар. Мындан сырткары, алардын алтыны ар кайсы жерден чыгат. Ал эми биздин алтын бир гана жерден чыгып, үстүнөн, ыңгайлуу жеринен казылып алынат. Ушундай шарттарын карабай туруп, баасын өтө төмөн түшүрүп коюшкан. Муну биз кыянаттык деп баалап жатабыз.

Союз маалында чалгындоодон маалым болгон 700 тонна алтынды көрсөтпөстөн, андан кийинки чалгындоолордон кийин белгилүү болгон 900 тоннаны көрсөтпөстөн, болгону 100 тонна гана алтын бар деп «Центеррага» киргизип коюшкан. Ошонун бардыгын билип-көрүп турушуп, ошол кездеги биздин жетекчилер кол кабыш кылып «Центеррага» өткөзүп берип койгон. Ал эми 2009-жылдагы келишимдин кыянаттыгы – бул эл аралык келишим эместигинде. Аны ратификациядан өткөрүүгө болбойт болчу. Алар келишимди биздин мыйзамдардан дагы жогору тургузуу үчүн ратификациядан өткөрүшкөн. Ратификацияда: «Эгерде келишимдеги жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе, келишим колдонулат» деп жазып коюшкан. Бул деген биздин суверенитеттүүлүгүбүзгө шек келтирүүгө жатат. Эмне үчүн биздин аймакта иштеп биздин мыйзамдарга баш ийбестен келишимге баш ийебиз дешет? Бул дагы туура эмес.

Келишимде дагы жалаң кыянаттык менен жазылган нормалар бар. Салык боюнча жеңилдик көрсөтүлгөн, 2042-жылга чейин бирөөнүн дагы «Кумтөрдүн» тегерегинде маселе көтөргөнгө акысы жок. Жаратылыш боюнча мурунку кемчиликтердин бардыгына биз жооп бербейбиз, экология маселелери боюнча Кыргызстан мындан ары маселе көтөрбөйт деген нормалары бар. Айтор, келишим бир тараптуу «Центерранын» кызыкчылыгын көздөп, Кыргызстандын бир дагы кызыкчылыгы болбой калган. Биз мыйзамга такайлы десек эле, алар: «Мына бизде келишим бар, карагыла, ага президентиңер өзү кол коюп, парламент аркылуу бекитип бергенсиңер, «Кумтөр» боюнча маселе көтөргөнгө, экология боюнча маселе көтөргөнгө акыңар жок, салыкты көбөйткөнгө акыңар жок» деп бизди жарга такап коюп жатышпайбы. Ошондуктан, биз 2009-жылкы ратификацияны жокко чыгарып, 2003-жылкы келишимге кайтып келип, сүйлөшүүнү ушул жерден башташыбыз керек. Болбосо, эл аралык сотторго чейин барууга туура келет. Эл аралык сотто: «Эгерде эл аралык келишимдер дагы ошол элдин, жердин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келсе, анда ал келишим жокко чыгарылат» деген норма бар. Алар деген цивилизациялуу коомдун соттору да. Алар акыйкаттык менен иш алып барат. Биз мына ушунун негизинде эле келишимди жокко чыгарсак болот.

«Кумтөр» — жеке адамдардын же бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши абзел. Мамлекеттик комиссия ушул багытта иштеди.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter