21 февраля 2013, 10:12

Т.Акун: Мен Кумтөр үчүн күйүп-бышып жүргөндө, С.Жапаров, К.Ташиевдер мектепте окуган окуучулар болчу


Т.Акун: Мен Кумтөр үчүн күйүп-бышып жүргөндө, С.Жапаров, К.Ташиевдер мектепте окуган окуучулар болчу
20-февраль күнү КР акыйкатчысы Турсунбек Акун Нарын облусуна 2 күндүк иш сапар менен келгендигин алгачкы жолугушуу жыйында билдирди. Мындай маалыматты аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин маалымдады.

Ал үч жерде жолугушуу жыйындарын өткөрдү. Өлкөнүн башкы мамлекеттик укук коргоочусуна Нарын мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары, Нарын облустук өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана агартуу тармактын жетекчилери бир катар курч суроолорду бере алышты. Өлкөдөгү адам укугун абалы, Кум-Төр кениндеги кырдаалдар, Борбор Азия Университетинин курулушунун кечеңдеши, Жогорку Кеңештин таркатылышы, Сохтогу чек ара боюнча жана башка суроолор берилди.

«Чынында бизде мыйзамдар иштебейт. Мыйзамды аткарбагандар чиновниктер, окутуучулар, студенттер, эл - демек баарыбыз аткарбайбыз. Бирок Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги мыйзамдар чыгарылып жатат.

Президент да, парламент да, акыйкатчы да өз мөөнөтүнө чейин иштөөлөрү керек. Кеп Атамбаевде эмес, президентте болуп жатат. Жогорку Кеңеш болсо, ишти үйрөнүшүүдө. Кокус жаңысы келсе, булардан да жаман парламент болуп калышы мүмкүн. Бирок биздикиндей Жогорку Кеңеш КМШда жок.

Мен Кумтөргө 3 жолу бардым. А түгүл суусунан ичкенмин. Учурунда Кумтөр иштетилбесин, казылбасын деп мен ачкачылыкка чыккам. Бирок Топчубек Тургуналиев андагы өкмөт башчысы Жумагулов менен сүйлөшө калып, өзү БГУга ректор болуп, биз орто жолдо калганбыз. Ал эми азыр болсо Кумтөрдү улутташтыруу дегенге каршымын. Анкени биздин кенди казганга кудуретибиз жетпейт. Мен Кумтөр үчүн күйүп-бышып жүргөн маалда балким азыркы Садыр Жапаров, Камчы Ташиевдер мектепте окуган окуучулар болушкан чыгаар. Азыркы күндө баарысы тең эле Кумтөр боюнча адис болуп чыга келишти. Негизи бул маселеде мамлекеттин өзүнүн башы айланып калды. Абал сүйлөшүү аркылуу чечилиши керек. Эгер "Центерра" кетип калса, анда бизге эч бир инвесторлор келбейт. Экинчиден, биздин эл аралык деңгээлде коргоочу боло ала турган бир гана кыргыз балабыз бар экен. Ал дагы кетип калыптыр. Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык соттон ким коргойт. Бирок туура, мөңгүлөр жылып жатат. Ушундай экологиялык маселелер каралышы керек. Ал эми Жетим-Тоонун казылышына таптакыр каршымын. Эгер ал иштетилсе, анда биз Нарын суусунан ажырайбыз.

Ага-хан боюнча мен дагы маселе коём.

Ал эми, Сох боюнча бардык бийлик чабалдык кылуудабыз. Мен ал жакка барып, облус жетекчиси Раззаковдон сурасам, ал Чарбак талаш жер деп айткан. Район акими дагы ушундай деди. Ал эми чек ара кызматындагылар Чарбак биздин Кыргызстандын жери дешет. Айтор, бул маселени президент гана чече алат. А киши көп кечиктирбей Каримов менен сүйлөшүп, эки президент чекитти коюулары зарыл. А түгүл биз Каркыраны жана ООН аркылуу Үзөңгү-Куушту кайра алганга аракеттерди жасашыбыз керек», - деп акыйкатчы берилген суроолорго жооп берди.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter