21 февраля 2013, 10:33

КГБ Ө.Бабанов менен тымызын кызматташууга өткөнү тууралуу сөздөр тарай баштады, - «Майдан»

- КГБ Ө.Бабанов менен тымызын кызматташууга өткөнү тууралуу сөздөр тарай баштады, - «Майдан»«Кыргыз гезиттеринин биримдиги» көз жарып, биргелешип адилетсиздикке каршы туруу аракети көп адамдарга жакпай, бийликтегилердин ошондон бери түн уйкусу бузулуп жүргөнүн ким тана алат?, деп жазат «Майдан.kg» гезити 20-февралда чыккан санында.

Анда айтылгандай, дал ошондуктан да «КГБны» ичтен жарып, бөлүп, чиритүүнү ойлогон күчтөр көп болууда. Буга ким биринчи болуп кызыкдар экенин журт жакшы билет. Акыркы учурларда гезиттер биримдигинин экс-премьер-министр Ө.Бабанов менен тымызын кызматташууга өткөнү тууралуу сөздөр тарай баштады. Ошол ушакты чыгаргандар популярдуу интернет форумдарда «Кока-Кола», «Чыгыш электр», «Финка» компаниялары «Алиби», «Учур», «Майдан.kg», «Де-факто» гезиттеринин ар биринен жума сайын 500 даанадан сатып алуу тууралуу келишим түзгөнүн айтышууда.

«Аю» фирмасы да бул саамалыкка кошулуп, «Майдан.kg» (500 даана), «Учур» (500 даана) жана «Де-факто» (1000 даана) гезиттери менен келишим түзгөнү айтылат. Бул аты аталган фирмалар гезитти сатып алып, бекер таркатышат имиш. Мына ушул фирмаларды гезиттерге байлап берген, ошол ушакчылардын айтымында Өмүрбек Бабанов өзү экен.

Анткен менен, бул болгону имиш гана. Бул маселе талкууланганда, аталган гезиттердин баш редакторлору аябай таң калышты. Биздин, сиз окуп жаткан гезиттин да буга таптакыр тиешеси жок, болбосо нускабыз көтөрүлүп кетет эле го. Оюбузча, «КГБнын» душмандары ушундай имиш чыгарып, айрымдарын атабай, ортого от жаккысы келген окшойт. Бирок, бул арам ой ишке ашпайт, «КГБ» өлбөйт,дейт гезит


булак:майдан kg.










купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter