21 февраля 2013, 10:41

С.Жапаровдун кайрылуусун жыйында депутаттарга окуп берүү сунушу колдоо тапкан жок

 

С.Жапаровдун кайрылуусун жыйында депутаттарга окуп берүү сунушу колдоо тапкан жок

Абактагы «Ата Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусун бүгүн, 21-февралда пленардык жыйында депутаттарга окуп берүү сунушу колдоо тапкан жок.

Жыйында «атажуртчу» депутат Жылдыз Жолдошева «Кумтөр» маселеси боюнча Садыр Жапаровдун кайрылуусун депутаттарга окуп берүү үчүн төрагадан 10 мүнөт убакыт сурады.

Ал маселени добуш аркылуу чечүү керектигин белгилеген төрага бул сунушту добушка койду. Натыйжада ал колдоо тапкан жок.

Эске салсак, С.Жапаров «Кумтөрдү» иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун кароодо парламент жыйынына катыштырууну камсыз кылып бөрүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат жөнөткөн. Бирок, Биринчимай райондук сот депутатты катыштырууга уруксат берген эмес.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter