21 февраля 2013, 11:49

И.Исаков: «Кумтөр» боюнча кыянакттык келишимдерге кол койгон чиновниктердин баарын жоопко тартуу керек

И.Исаков: «Кумтөр» боюнча кыянакттык келишимдерге кол койгон чиновниктердин баарын жоопко тартуу керек

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков «Кумтөр» боюнча кыянакттык келишимдерге кол койгон чиновниктердин баарын Жогорку Кеңештин токтомуна ачык жазып, Башкы прокуратурага катуу тапшырманы берүү керектигин сунуштады.

Депутат бүгүн, 21-февралда парламенттин пленардык жыйынында билдиргендей, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгон чиновниктердин аты-жөнү ачык жазылышы керек. Анткени, бул тарых, эл билүүсү керек.

«Мына, биздин кесиптештерибизди эле 20 жылга соттолсун деп сурап жатышат. Ошондуктан биз Башкы прокуратурага катуу тапшырма беришибиз керек, анткени алар тарых алдында жоопко тартылып, камалышы зарыл. Ошондой эле алар өмүрү өткөнчө мамлекеттик кызматтарга келүүсүнө уруксат берилбеши керек», - деди Исаков.

Мындан тышкары, депутат келишимдердин баары денонсацияланып, «Кумтөр» кыргыз мамлекети үчүн иштеп калышы керектигин билдирди.

Эске салсак, кечээ мамкомиссиянын төрагасы Темир Сариев 1992-жылкы башкы келешимге Турусбек Чынгышев, ал эми 1993-жылдагы келишимдерге Апаз Жумагулов, Дастан Сарыгуловдор кол койгондугун билдирген.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter