21 февраля 2013, 12:10

Кубат Оторбаев: "Ташиев боюнча КТРКдан берилген маалымат так эмес болсо, эл алдында кечирим суроого даярмын"

Бүгүн, 21-февралда депутаттар Садыр Жапаров, Камычыбек Ташиев жана Кубат Оторбаев: "Ташиев боюнча КТРКдан берилген маалымат так эмес болсо, эл алдында кечирим суроого даярмын"Талант Мамытов боюнча өтүп жаткан сот ишинде Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев кошумча күбө катары суралды. Анда Камчыбек Ташиевдин «Эмне үчүн КТРКдан бүт өлкөгө Ташиев менен Бакиевдин байланышы болгон, телефон аркылуу алар менен сүйлөшкөн  деген маалымат кетти, аны сиз кайдан алдыңыз?» деген суроосуна Кубат Оторбаев «Ал жерде сизди Бакиевдер менен байланышы бар деп так айтылган эмес, кабарчылар интернет булактарынан алышыптыр, ал эми жаңылыктардан берилген ал материалды штаттан сырткары иштеген кабарчы Мирлан Мамытов даярдаган» -деп жооп берди. Ташиев бул жанылык түздөн-түз бийликтин буйругу болгондугун айтты. Депутат ошол так эмес маалыматты төгүнгө чыгарып теледен кечирим суроону Оторбаевден талап кылды. КТРКнын башкы директору бул кабарды териштирип, эгер катачылык кеткен болсо, коомчулуктун алдында кечирим суроого даяр экенин билдирди.

булак:super.kg

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter