21 февраля 2013, 13:44

Парламентте депутаттар Ө.Текебаев менен К.Осмонов айтышты

Парламентте депутаттар Ө.Текебаев менен К.Осмонов айтышты

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 21-февралда парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, качып кеткендерди эмес, «Кумтөргө» аралашып, элге чыккынчылык кылып, азыр араларында жүргөндөрдү жоопко тартуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, «Ата-Журт» фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев 2003-жылкы келишим түзүлгөндө Башкы прокурор катары өз баасын берген эмес. «Ал кездеги парламент келишимди мыйзамсыз деп Башкы прокуратурага чара көрүүгө жиберген. Мыктыбек Абдылдаев унчуккан эмес.

Ошондой эле, ал депутат Курманбек Осмоновдун ошол учурдагы вице-премьер-министр, адилет министри катары катыштыгы бар экендигин билдирди.

Буга К.Осмонов өз жообун берип, «атамекенчилердин» ага каршы чыгып жатканын аларды мародер деп тапканы менен байланыштырды. «Атамекенчилердин чекесине мародер деген клейма чапталганы үчүн каршы чыгып жатасыздар», - деди депутат.

Ө.Текебаевдин айтымында, К.Осмоновдун жалганчы экенин парламент көрсөттү. Анын «атамекенчилер» мародер деген чечимин кабыл алган жок. «Кумтөр боюнча алган 50 млрд акчаны алган сизди накта мародер деп айтыш керек. Клейма сиздин чекеңизге чапталат жакында», - деди Текебаев.

Ошондой эле «атамекенчи» депутат Эркин Алымбеков К.Осмонов акча албай эле кылган кызматы үчүн адилет министринен кийин дароо Жогорку сотко которулганын билдирди. «Сот системасын былыгын чыгарып, коррупциялаштырган ушул киши», - деп айтты ал.

Төрага айтыша кеткен тараптарды тынчтанууга чакырып, өзүнчө чечишип алууларын суранды.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter