21 февраля 2013, 14:07

Революция өз балдарын жеп-жутат

Революция өз балдарын жеп-жутат

Өкмөт башы жаңы өкмөт түзөм деп, структурасын парламентке киргизди. Бул тууралуу «Асман press» гезити 21-февралда чыккан санында маалымдайт.

Жакында карашат. Сатыбалдиев буга чейин эле министрлер арасында татыксыз адамдар отурат деп айтканы бар. Жаңы структуранын негизинде бир топ министрлер ээрден шыпырылаары айтылууда. Алардын ичинде арнамысчы Талиева, атажуртчу Жунусов, КСДПчы Алымкулов кара тизмеге илинген. Иштей албай жатат деген Кылычбек Султанов кара тизмеден бошоп, Жантөрө аканы жандап жүрү дейт. Экөө бир жерден эмеспи, коргоп, колдоп атканын министрлер кеп кылышууда.

Башкасы го мейли, жаштар министри Алиясбек Алымкуловду неге кетирет экен деп турубуз. Революцияга эмгеги сиңген баатыр жигитти эми борттон ары ыргытабы. Баягы француздардын «революция өз балдарын жеп-жутат» деген кеби чын белем.

Бакиев да акыркы күндөрү революция жасаган балдарды кызматтан айдап, өз жакындарын кое баштаган эле. Бу бийлик да кете тургандай болуп туру. Алиясбек «Мени кетирсе Сатыбалдиевге көрсөтөм, митинг уюштурам» деп атыр, деп жазат гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter