21 февраля 2013, 14:22

Консерваториянын ректору М.Бегалиевди Ү.Сыдыков калкалап жатабы

  

 

Консерваториянын ректору М.Бегалиевди Ү.Сыдыков калкалап жатабы

Өкмөт Консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевди кызматтан ала албай убара. Бул тууралуу «Асманpress» гезити 21-февралда чыккан санында маалымдайт.

Маданият министри Жунусов Бегалиевдин кызматтан кетишине 3себебин: 20 жылдан бери кызматта отурганын, Консерваторияга Молдобасановдун аты коюлуш керек деген өкмөттүн токтомун аткарбаганын, проректорлорду мыйзамсыз өзүнүн жарлыгы менен дайындаганын жазып, Сатыбалдиевдин үстөлүнө таштаган дейт. Өкмөт башчы Бегалиевди өзүнө чакырганы менен кет деп айта алган эмес. Анткени бу ректорду Бакиев заманында «серый кардинал» атка конгон кадимки Үсөн Сыдыков крышовайт этип, Жантөрө үкасына чалып, «жөн кой» дептир. Жантөрө Үсөн аканын сөзүнөн чыга албай, Бегалиевди эптеп кайра ордуна беките албай жатыр.

Ал ортодо Муратбек мырзанын былыктары кылтыйып чыга баштады. Отунбаеванын кезинде 3 млн акчаны ремонтко деп алган экен, эсебин бере албай жатыптыр. Жалпы 28 млн сомдун кайда корогонун табалбай убара дейт. Консерваторияга караштуу «Монгол» ресторанын нарындык уйгур жигитке соодалап жибергени да айтылууда. Айтор, эми даана «скрипка» ойноло турган болду. Баса, өткөн апта «Теңир-Тоо» коомун чакырып, «мени кызматтан алып атат, колдоп койгула» деген экен, бу жерден да колдоо табалбай кетти дейт. Анткени министр Жунусов эмнеге кызматтан алынарын бүт аргумент менен айтып берсе «жердештери кой кокуй, болушпайбыз» дешип кетишкен. Кызыгы, Үсөн аканын Атамбаев бийлигине да тиши өтүп, саяк инисин таяктан коргоп атканы болду, дейт гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter