21 февраля 2013, 16:19

А.Бекназаров: Мен бийликке жардам берүүдөмүн

 

А.Бекназаров: Мен бийликке жардам берүүдөмүн

«Мен революциянын максаттары ишке ашпай калганын ачык айтып, бийликтегилерге жардам берүүдөмүн»,- деди коомдук ишмер Азимбек Бекназаров «Учур» гезитинин 21-февралда чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, эки революциянын болушуна кыргыз интеллигенциясынын күнөөсү чоң. Алар унчукпай, пикирин ачык билдирбей, бийликтин кемчилигин айтпай отуруп берген.

«Бүгүн деле ошол көрүнүш. Бардыгы оозуна талкан сугунуп алгандай тымтырс. Ким айтып жаман көрүнөт? Баягы жалгыз Бекназаров! Эртең революция болуп кетсе, Атамбаевди шыбагандар чекеден чыгат. Анткени көрүп жүрөбүз. Революция болгондон кийин эле карасаң, жамыраган козудай жадырап чыгышат. Кеткен бийликти ашатып сөгөт. Ошол себептен, эскертип жатам, «Кумтөрдү» денонсацияла, авторитаризмге жол бербе, бийликке жаштарды тарт, саясий куугунтукту токтот» деп. Эгер ушуларды эле аткарса, эч кандай революция болбойт. Бир эмес, миң Бекназаров келсе да, бийликти кулата албайт. Анан кантип чыдайсың, 10 жылдын ичинде «Кумтөрдөн» 260 тонна алтынды ташып кетип жатышса, ошондон Кыргызстанга 1 тонна 400 кг калыптыр. «Кумтөрдү» элге кайтаруу биринчи жана экинчи революциянын талаптары болгон. Бакиев аны аткарган жок. Бул бийлик дагы канадалыктарга жан тартып, элге кайтарбай отурат. Кыргыздын алтынын уурдап жатышкандарды көрүп туруп, эмнеге айтпашыбыз керек? Кыргызды итке мингизип 4-5канадалыкка жан тарткан бийликтин бизге кереги барбы, дейт Бекназаров.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter