21 февраля 2013, 16:31

И.Гусаровдун уурулугу жалпы депутаттарга шерменде, - "Пресс.kg"

И.Гусаровдун уурулугу жалпы депутаттарга шерменде, - "Пресс.kg"

Түшүнгөн депутатка аптанын эң бир шермендеси - «арнамысчы» олигарх Игорь Гусаровдун уурулугунун ашкерелениши болду. Бул тууралуу «Пресс.kg» гезити 21-февралда чыккан санында маалымдайт.

Бирок, «арнамысчылар» түгүл, депутаттар түгөлү менен бул ишке кабагым-кашым деп да койгон жок. Балким аларга көндүм адат катары кол шилтегендей маани бербей койгондур. Эгерде Гусаровдун ушул күнгө чейин мамлекеттин электр энергиясын жашаган хансарайына олчойто уурдап иштетип келсе, бул – эң бир барып турган шермендечилик, наадандык эмей эмне? Болбосо, өткөн айларда «Тазабектин» версиясы боюнча бул ууру-депутатыбыз өзүнүн 331 млн 800 миң сом байлыгы менен Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин 3-орунуна илинген. Албетте, анысы да аргасыз, бекиткенге мүмкүн болбой калып көрсөткөн мүлкү деп боолголоп кое берсек болот. Себеби, уурулар эч качан чындыкты айтпасы турган иш.

«Түндүк электр» басма сөз кызматынын тараткан маалыматы боюнча, депутат Гусаровго таандык хан сарайда уурдалган электр энергиясы керектелип жүргөндүгү автоматтык өлчөө системасынын жардамы менен аныкталган. Исанов 71 дарегиндеги хан сарайдын тургуну кубаттуулугу 100 кВт болгон электр жылыткычы үчүн дебитордук карызы жок, 2 миң гана сом төлөп келгендиги аныкталган. Ал эми, абоненттин үйүндөгү электр эсептөө системасы аны керектүү маалда өчүрүп күйгүзүүгө, электр энергиясынын керектүү көрсөткүчү өсүп баратса, ага чектөө киргизип койгонго ылайыкташтырылган.

Көрдүңүзбү, кандай куулукка барган. Ал эми, текшере келгенде, абоненттин үч эле күндө керектеген электр энергиясы анын бир айга деп төлөп жаткан суммасына барабар болуп чыккан. Эми эсептейли: эгерде 3 күндө эле 2 миң сомдук энергия иштесе, демек, бир айда 20 миң сомдук иштетет жана ал мунун 2 миңин гана өкмөткө төгүп турган.

Албетте, Гусаров же бул боюнча үн чыгарбай отурган башка депутаттар үчүн аталган сумма түккө турбай калышы мүмкүн. Бирок, бул деген уурулук, болгондо да мамлекеттин, элдин казынасынан уурулук кылып жатканын эске алсак, демек, жалпы депутаттар үчүн шерменде эле, дейт гезит.



купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter