21 февраля 2013, 16:39

А.Келдибеков: Кыргызстанда 2-3 гана бузуку адам бар, ошолорду жетелеп өлкөдөн чыгарып коюш керек

А.Келдибеков: Кыргызстанда 2-3 гана бузуку адам бар, ошолорду жетелеп өлкөдөн чыгарып коюш керек

Эгер парламент талап-тоноочулук боюнча маселени карап жатканда «Ата Журт», «Республика» партиялары же башка оппозициялык күчтөр митинг уюштурганда алардын баарын бийлик камап коймок. Бул тууралуу «Ата Журт» фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков «Арена.kg» гезитинин 21-февралда чыккан санына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, мыйзамсыз деп теледен бир күн кечке көрсөтмөк. «Ата Мекендин «мыйзамсыз өткөн митингин башкача көз караш менен көрсөтүп жатканы, бийликтин чыныгы жүзүн айгинелеп жатат. Эгер адам таза болуп, чындык ал тарапта болсо, митинги жок эле коргонсо болот.

«Мен төрагалыктан кетип жатканда көптөгөн жактоочуларым митингке чыгабыз дегенде кереги жок деп аларды токтотком. Анткени, мен айта турганымды айтып, далилдей турганымды далилдеп бергем. Кыргызстанда 2-3 гана бузуку адамдар бар. Ошол бузукунун колунан жетелеп, акчаны берип, чет өлкөгө жөнөтүп коюш керек. Ошондо гана Кыргызстан оңолот. Мен видео тасманы көрдүм. Депутаттарга таркатып беребиз деп таркаткан жок. Талап-тоноо боюнча кабыл алган чечимди бузуп, КТРден кыркып көрсөттүбү же төраганын буйругу менен көрсөттүбү деген суроо боюнча иш алып баруудамын», -дейт ал.

Мунун аягына чыгабыз. Анткени, толугу менен теледен көрсөткөн жок. Талап-тоноочулук боюнча тасманы иликтеген адамдардан сурасам, эгер ал тасманы көрсөтсөк, эл көтөрүлүп чыгып, булардан сурап алат. Ошондон коркуп жатышат деп айтышты. Ошон үчүн ал тасмада чындыктар жатат дегенге ынанат элем, деп кошумчалайт депутат.


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter