21 февраля 2013, 16:52

Э.Сатыбалдиев, экс-башпрокурор: Тирешип, чукушкандын ордуна, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» ынтымакта иш алып барганыбыз оң

Э.Сатыбалдиев, экс-башпрокурор: Тирешип, чукушкандын ордуна, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» ынтымакта иш алып барганыбыз оң

 Апрель революциясына байланыштуу сот процесси жүрүп келет. Мурдагы башкы прокурор, коопсуздук маселелери боюнча президенттин экс-кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев да сот отурумдарына катышып, суроолорго жооп берүүдө. Элмурза мырза менен болгон маегибиз дал ошо апрель окуясынын тегерегинде башталды. Сөз арасында учурдагы саясый кырдаалды да козгогонго үлгүрдүк.

- 2010-жылдын 7-апрели... Бул күн эң орчуңдуу окуя катары тарыхыбызда жазылып калары шексиз. Себеби, токсондон ашуун жигитибиз каза таап, жүздөгөн жараныбыз денсоолугунан ажырап, майып болуп калышты. Мунун баары менин жүрөгүмдү канатты.

Апрель окуясынан кийин өз эрким менен сотко бардым. «Эгер күнөөм далилденсе мыйзам чегинде жазага тартылайын. Эгер күнөөм тастыкталбаса актап, бошоткула» дедим. Сот бул ишке карата адилеттүү чечим чыгарарына ишенем. Ошондон кийин апрель окуясына баа берилип, андан соң коомчулук саясый баасын берип, тарыхта өз ордун тапмакчы. Соттун чечимине жараша күнөөлүүлөр аныкталып, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы абзел.

- Өзүңүздү күнөөлүү деп эсептейсизби?

- Мен ошол күнү жумушта болчумун. Ал кезде коопсуздук маселелери боюнча президенттин кеңешчиси элем. Менин карамагымда эки айдоочум, бир катчы кызым болгон. Менин карамагымда аскер же күч түзүмүнүн кызматкерлери болгон эмес. Андыктан, өзүмдү юридикалык жактан күнөөлүүмүн деп эсептебейм. Ал эми моралдык жоопкерчиликти сезгеним үчүн сотко өзүм бардым. Себеби, апрель окуясына чейин жооптуу кызматтарды аркаладым. 7-апрелдин жүз беришине өзүмдүн моралдык жоопкерчилигимди сезем.

- «Апрель окуясына байланыштуу сот сагыздай чоюлуп атат. Муну бийлик атайын кылууда» деген нааразычылык күч. Сот процессинин созулушуна чындап эле бийлик кызыкдарбы?

- Дагы бир жолу кайталайын, бул өтө орчундуу окуя. Жалпы жонунан 500гө чукул адам суралып атат. Тергөө иштери тыкыр жүргүзүлүп, ар бир айыпкер өз оюн билдириши керек. Мындай иштер көз ачып жумгучакты бүтүп калбайт. Андыктан, сот отурумунун создуктурулуп атышы – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Буга бийликти же айыпкерлерди күнөөлөгөндүн кажети жок.

- Кептин нугун өзгөртсөк. «Э.Сатыбалдиев жазга даярданып атыптыр, бийликти күч менен басып алууга ниеттенип атыптыр» деген сөздөрдү угуп атабыз. Мына ушул маселеге кенен токтолсоңуз.

- Менин досторум, тааныштарым өтө көп. Алар менен күнүгө жолугуп, сүйлөшүп турам. Мындан улам: «Э.Сатыбалдиев төңкөрүшкө даярданып аткан го» деген сөздөрдү таркатып атышкан окшойт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мындай ушактарды расмий четке кагып кетейин. Мунун баары жөн гана ушак.

- «Жазында бийлик алмашат экен. Оппозиция төңкөрүш жасайт экен» деген үрөй учурган маалыматтар гезит беттеринде жазылды. Демек, төңкөрүштүн болушун колдобойт турбайсызбы? Дегеле биз төңкөрүштү көтөрө алабызбы?

- Эми элдин арасында ар кандай кеп-сөздөр айтыла берет эмеспи. Менимче, бул жөн гана ушак болсо керек. Мынча болду сурооңузга түз жооп берейин: Кыргызстан төңкөрүштү көтөрө албайт. Бири-бирибиз менен тирешип, чукушуп, кырдаалды оорлоткондун ордуна, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» ынтымакта иш алып барганыбыз оң. Бүгүнкү күндө экономикабыздын абалы чеке жылытарлык эмес. Төңкөрүш жасаганды ойлобой, тескерисинче: «Экономикабызды кантип көтөрөбүз? Мамлекетибизди кантип өнүктүрөбүз? Элибиздин жашоосун кантип жакшыртабыз?» деген маанилүү маселелерди чечүүнүн жолун караштырсак жакшы болмок. Бизге азыр ызы-чуу, талаш тартыш эмес, стабилдүүлүк, ынтымак абадай зарыл.

- Бирок, сиздин мындай изги тилегиңизге оппозиция кошулар бекен? Учурдагы оппозициянын ишмердүүлүгү купулуңузга толобу?

- Жогорку Кеңештеги эки фракциядан куралган расмий оппозицияны гана тааныйм…

- Ак үй, Көк үй сыртындагы оппозициянычы?

- Сен айткандай, Ак үй, Көк үй сыртындагы оппозицияны мен көрө элекмин. Себеби, алар: «Биз оппозицияга өттүк» деп өздөрүн коомчулукка таанытышкан жок. Албетте, бийликке нааразы болуп жүргөн саясый топтор, партиялар бар. Аларды элдин баары жакшы тааныйт. Оппозициясы болсун, позициясы болсун, жеке амбицияларын жыйыштырып, мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшү үчүн иш кылышса жакшы болмок. Ошондо гана алар эли үчүн күйгөн мекенчил саясатчы катары өздөрүн көрсөтүшмөк. Кандай чечим кабыл алышат – бул алардын жеке маселеси.

- Парламенттеги оппозициянын ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?

- Бүгүнкү Башмыйзамдын табияты ушундай: кечээ эле парламент ичинде жүргөн фракциялар бирде оппозицияда, бирде көпчүлүктүн катарын толуктап калышат. Мисалы, «Республика» менен «Ата журт» мурда парламенттик көпчүлүктө болчу. Ал эми азыр оппозицияда жүрүшөт. Мен муну аргасыздан же атайын даярдалган оппозиция деп баалайм. Аргасыздан оппозицияда калгандар кантип иштээрин өзүңөр деле элестетип көргүлө. Буга албетте коомчулук баасын бериши керек.

- «Элмурза Сатыбалдиев үлкөн кызматка барганы атыптыр» деген маалымат кызуу талкуу жаратууда. Жогорку кызматка баруу ниетиңиз барбы?

- Биринчиден, соттун чечими чыга элек. Ошон үчүн, мен азырынча укугу чектелген адаммын.

Экинчиден, эгер сот адилет чечим чыгарып, мени актаса, анда мамлекетим үчүн кызмат кылууга неге болбосун? Мени мамлекет 7 жашыман тартып баккан, окутуп-чокуткан. 20 жылдан ашуун убакыттан бери прокуратура тармагында эмгектенип келатам. Мен өзүмдү мекенчил инсан катары эсептейм, мамлекеттен сырткары калчу жигит эмесмин. Андыктан, кандай гана кызмат болбосун, Кыргызстаныбыз үчүн эмгектенүүгө даярмын…

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter