21 февраля 2013, 16:59

А.Медетбеков: Эгерде Жаныш Бакиевде кармаганда, көптөгөн адамдар каза болуп, түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнмөкпүз

А.Медетбеков: Эгерде Жаныш Бакиевде кармаганда, көптөгөн адамдар каза болуп, түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнмөкпүз

 2010-жылы Жаныш Бакиевди кармаш үчүн көп киши каза болоорун түшүнүп, ал күнү чабуул жасаган эмеспиз, дейт чекист Артур Медетбеков «Пресс.kg» гезитинин 21-февралда чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, үйдүн ичинде көп киши бар болчу. Алардын баары болбосо да, жарымынан көбү каза болмок. Куралсыз, тынччылык жол менен кармаганга аракет болду, бирок ал жактан араң качып чыгып кутулушкан.

«Тилекке каршы, биз аны ошол жерден кармай албадык. Калыев менен Раимбердиевди кармап келип берсек, Раимбердиевди Убактылуу өкмөт 2 күн кармагандан кийин кайра кое берип салган. Биз 19-апрелге чейин ал жакта жүрүп, абдан чоң иштерди бүтүрдүк. Жалал-Абад телерадиосу иштебей, облус губернатору баш болуп баары иштерин таштап, өз жерден түндүк-түштүк болуп урушуп калуу коркунучу күч болгон», - дейт ал.

Мындай кырдаалда Жаныш Бакиевди кармаш үчүн анда да көп кишилер каза болмок. Себеп дегенде үйдүн ичинде 100дөн ашык балдар, аялдар, чалдар тирүү тосмо болуп турушса, сыртында 5-10 миң киши тороп алышкан эле. Албетте, алардын баарынан өтүш үчүн, биз атышыбыз керек болчу. Эгерде, биз ал жердеги элдерди атсак, анда биздин, Убактылуу өкмөттүн кейпи кандай болот эле? 7-апрелдеги өлүм аздык кылмак беле? Азыркы убактагы абал мындан да кыйын болмок. Таптакыр эле экиге бөлүнүп кырылып жатып калмакпыз, деп кошумчалайт ал.


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter