21 февраля 2013, 17:15

Муса Төлөгөнов: А.Юсуповду сокконум чын

Муса Төлөгөнов: А.Юсуповду сокконум чын«7-апрелде биз «Жаныш Бакиевди кармасак» деген тилегибиз бар эле», деп билдирди депутат Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов «Учур» гезитинин 21-февралында чыккан санына берген маегинде.

Анткени, Ала Тоо аянтындагы көп кишилер ошол кишинин буйругу менен атылып жатканын көргөнбүз. Ошондон улам, биздин жалгыз максатыбыз Жанышты кармоо болчу. Бирок Абдулла Юсупов деген шылуунга алданып калдык. Ошол маалда бизге алардын үйлөрүн көрсөтүмүш болуп жүрдү. Анан тар кызыкчылыктагы максатын аткарып, мародерлук жасаганга аракеттенсе керек. Биз аны билген жокпуз, ага тиешебиз да жок эле. Мына канча комиссия иштеди, текшерди. Эгер менин кымындай тиешем болгондо, алпарып камап коймок. Көрдүңүздөр, чоң депутаттын прокурор баласын камады. Мен анын жанында киммин? Мен болгону саяий оюндун «жертвасы» болуп жатам. Атамды каралаш үчүн мени кошуп коюшуда. Кайра-кайра ишти бир нече жолу көтөрдү, карады, эч нерсе таба алган жок. Мамлекеттик расмий органдары, парламент чечим чыгарды. Мародерлукка катыштыгыбыз жоктугу аныкталды. Буга бүт коомчулук күбө болду, дейт М.Төлөгөнов.

Биз 2 объектиге баргандан кийин түшүндүк, алар таптырбасын сездик, анан тарап кеткенбиз. Ошондо атамды чакырып, ар кайсы кызматтарды сунуштап, «келгин» дешкен. Бирок, атам «Жанышты табабыз» деген максатта баарынан баш тартып, барбай койгонун өз көзүм менен көрдүм. Кийин билдик, биз Юсуповдун азгырыгына кирип, ар кайсы жерди кыдырып, алданып калыппыз. Келдибеков спикерликтен кеткен маалда ушул маселени көтөрүп, атамды суракка чакырды. Ошондо Юсупов атам менен бирге мародерлук жасаганын айтканда ачуум келип, бир соктум. Муну көбүртүп жабыртыштын кереги жок. Анткени мен аны муштум менен урган жок болчумун, деп кошумчалады депутаттын уулу.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter