21 февраля 2013, 17:25

Мен "мошенник" эмес, "разбойник" болгом, - депутат Р.Төлөгөновдун уулу

Аттуу-баштуу саясатчылар Абдулла Юсуповду 2 жолу соттолсо, мени 4 жолу соттолгон деп айтып чыгышыптыр. Мени Юсуповго салыштырууга болбойт, деди депутат Райкан Төлөгөновдун баласы Муса Төлөгөнов «Учур» гезитинин 21-февралында чыккан санына берген маегинде.

Анткени, мен 4 жолу соттолгон окуя 10 жыл мурун, өспүрүм куракта болгон. Ал учурда жаш элем. Кызуу кандуу болчумун. Кыз талашкан күндөр өттү. Бирок, андагы уруш-талаштар сотко жеткен эмес, баары эки тараптын элдешүүсү менен бүткөн. Баса белгилеп кетээрим, мен «мошенник» деңгээлине эч качан түшкөн эмесмин. Мен үчүн мындай деңгээлге түшүү пастык. Ачык айтып коёюн, мен бирөөнү алдaп, «мошенник» болгуча, «разбойник» болгонум артык, дейт ал.

Мен жаш кезде «разбойник» болгом. Ошол берене боюнча 3 жылга соттолгом, түзөтүү колониясына ай сайын барып-келип, «отметка» кылып тургам. Ал мен үчүн чоң сабак болду. Акыл токтотконго жардамы тийди. Намаз окуганды үйрөндүм. Анан менин тартибиме, тергөөчүнүн мүнөздөмөсүнө карап, сот мага карата чыгарган чечимин жоюп салды. Андан бери жаман нерселерге аралашкан жокмун. Бул 10 жыл мурун болгон окуя. Ал эми Юсупов акылга толуп, киши курагына келгенде «мошенник» болуп, 2 жолу соттолгон. Анан аны менен мени, «мошенник» менен «разбойникти» салыштырып болбойт да, деп кошумчалады М.Төлөгөнов.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter