21 февраля 2013, 17:29

Көлдөгү чөптү көп жыл мурун чеккем, - депутат Р.Төлөгөновдун уулу

  Анвар Артыков мени «наркозависимый» деп айтыптыр, деп билдирди депутат Райкан Төлөгөновдун баласы Муса Төлөгөнов «Учур» гезитинин 21-февралында чыккан санына берген маегинде.

Муну кайсы бети менен айтканына түшүнбөйм. Көрсө, ал кишинин деңгээли өтө төмөн турбайбы. Мен буга кайгырган деле жокмун, бирок депутат айтып жатса, кээ бирөөлөр ишениши мүмкүн да. Ошондуктан, ал киши менен «жеке» сүйлөшүүгө туура келип жатат.

Жашырганда не, кээде тартчу элем. Бирок, наркотик эмес. Көлдөгү чөптү. Ал дагы көп жыл мурун болгон. Биз көлгө лагерге барганда чоң балдар чекчү. Чекпесең «коркок» деп шылдыңдашчу, андан уялып биз да тартчубуз. Болгону ошол. Мындан башка күчтүү таасир бере турган таблеткаларды жеген эмесмин. Менин ден соолугум чың. Ушул турушта 3 чакырым чуркай алам, дейт М.Төлөгөнов.

Ал эми «сайынат» деген сөздөр болбогон сөздөр. Мен сайынып, же порошок колдонгон эмесмин. Менин жашоомдо андай нерселер болгон эмес. Мындай ушакты тараткан адамдарды билем. Анын бири Анвар Артыков. Ал адам мени жамандап, каралап жатат. А өзүнүн баласы ким? Алдамчы, жеткен «мошенник» ошол да. Бир жетим балага машина сатып алып берем деп акчасын алдап алып, 3 жылдан бери бербей жүргөнүн коомчулук биле турган маал келди. Жетимдин акысын жеген жаман дейт кыргызда. Бирок, Анвар Артыков баласы Фархат экөө муну билбейт окшойт. Ал жигит милицияга арыз жазды, бирок эч ким текшерген жок. Анвар Артыков тергөөчүлөрдү басып, ишти жылдырбай отурат. Мына ушундай адамдын акылына сыйбас иштерди кылып, үй-бүлөсү менен «мошенник» болуп отурган Артыков мени, биздин үй-бүлөнү, «Ата Мекен» лидерлерин каралаганга моралдык укугу барбы? Анвар Артыков алгач артын тазалап, баласы алдап, үй-бүлөсү менен бөлүшүп алган акчаларды ээсине кайтарып, анан башкаларга сын айтсын! Же элибиздин айкөлдүгүнөн пайдаланып, Артыковдор жетим-жесир кыргыздарды сыздата бербеби, деп кошумчалады депутат Райкан Төлөгөновдун баласы.

 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter