22 февраля 2013, 09:36

Ж.Сатыбалдиев: Өкмөттөгү түзүмдүк өзгөртүүлөр бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт


Ж.Сатыбалдиев: Өкмөттөгү түзүмдүк өзгөртүүлөр бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт

Бүгүн, 21-февралда өтүп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынында КР өкмөтүнүн Аткаруу бийлигинин органдарынын түзүмүн жакшыртуу боюнча сунушу тууралуу маселе каралды. Жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен менен мекемелердин жетекчилери катышты.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр өткөн жылы КР өкмөтүнүн жаңы курамы бекип жатканда кийинчерээк анын түзүмүнө бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, кадрдык алмашуулар болору тууралуу айтканын эске салды. Ошондон улам, ал долбоор иштелип чыгып, парламенттин кароосуна киргизүү менен, тармактык комитеттерде, парламенттик фракцияларда талкууланган.

Премьер-министрдин берген маалыматына караганда, өкмөт түзүмүндө күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган Вице-премьер-министрдин кызмат ордун ачуу сунушталды. Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция тармагы Эмгек жана жаштарды ишке орноштуруу министрлигине берүү сунушталган. Туризм жана маданият министрлигине маалымат саясатын кошулуп жатат.

Ошону менен бирге, башка министрликтер менен мекемелердин иш-милдеттерин да өзгөртүү зарылчылыгы бар. Мындай түзүмдүк өзгөртүүлөр бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт. Ал эми вице-премьер-министрдин кызмат орду ички резервден каржыланмакчы.

Талкуу жыйынтыгында КР өкмөтүнүн Аткаруу бийлигинин органдарынын түзүмүн жакшыртуу боюнча сунушу көпчүлүк добуш менен бекитилди.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter