22 февраля 2013, 12:02

Депутат М.Сабиров: Бизге Бабанов камынып атам деп айткан жок

Депутат М.Сабиров: Бизге Бабанов камынып атам деп айткан жок

 Ө.Бабанов жазга «катуу даярданып жатыптыр» деген кептер жүрүп жатат, бирок аны бизге Бабанов «камынып атам» деп айткан жок. Бул тууралуу «Республика» фракциясынын депутаты Максат Сабиров «Фабула» гезитинин 22-февралда чыккан санына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, андай кептер чыкса чыгып аткандыр, бирок «Республика» партиясы элди алып чыгып, бийликти басып алуу тууралуу ою жок.

«Биздин партияда негизинен жаштар, алдыга гана умтулган балдарбыз. Быйыл жылан жылы. А жылан алдыга гана жылат, артка жыла албайт. Артка жылыш үчүн кайра кайрылып келиш керек. Анын сыңары Кыргызстан алдыга гана жылышы керек», - дейт ал.

Ал эми жанагыдай митинг, революция дегендер өлкөбүз үчүн эч кандай пайда алып келбейт. Революция кылдык дегиче, Кыргызстаныбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан мындай кадамдарга барбашыбыз керек. Бардыгын сүйлөшүү жолу менен чечкенибиз оң. Ал эми камактагы депутаттар боюнча айтсам, бардыгы соттун чечимине жараша болот. Депутаттарды алып барып камап коюш буга чейин тарыхыбызда болгон эмес. Бул окуя коомчулукка дагы, депутаттарга дагы башкача тийип атат. Резонанс жаратып. Ошондуктан алардын маселеси мыйзамдын чегинде гана чечилсе деген ой, деп кошумчалады 


БУЛАК:ФАБУЛА KG.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter