22 февраля 2013, 15:40

«Ар жаран үчүн өз Мекенин коргоодон өткөн ыйык милдет жок!»

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Мекен сакчыларын майрамы менен куттуктады.

"Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан Мекенди коргоочулар күнү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Ата Мекендин сакчылыгында туруу, анын кол тийгистигин коргоо бардык учурда эң ыйык, өтө ардактуу, ошону менен бирге кыйла жоопкерчиликтүү милдет болуп келген, боло берет. Ар жаран үчүн өз Мекенин коргоодон өткөн ыйык милдет жок.

Мекенди коргоочулар майрамы кайраттуулук, каармандык жана атуулдук ариеттин чыныгы үлгүсү болуп саналат. Ошондуктан, биз Кыргызстандын тарыхында эрдиги менен эсте калган ата-бабаларыбыздын салттуу көчүн улантып жаткан өз жоокерлерибизге, чек арачыларыбызга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ар дайым урмат кылып, зор ишеним артабыз.

Ушу тапта да ар кандай ички жана тышкы коркунучтардан Кыргызстандын эгемендигин коргоо, анын аймактык бүтүндүүлүгүн сактоо мамлекеттик бийлик менен жалпы коомчулуктун эң башкы озуйпасы, эң ыйык милдети болуп турат. Биздин мамлекет терроризм, экстремизм, сепаратизм сындуу жоболоңдуу жосундарга жол бербөө жаатында колдон келген аракетин жасап жатат. Мекен сакчылары өзүнө тагылган эл ишениминин өтөөсүнө чыга турганына ишенем.

Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет – майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш, ал эми жамы кыргыз журтуна тынччылык менен жаркын келечек каалайм" деп айтылат төраганын куттуктоосунда.

Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter