22 февраля 2013, 15:48

Акматбек Келдибеков: “Кыргызстан 20 жылдан кийин да Камбар-Ата-1 ГЭСин башкаруу укугуна ээ боло албайт”

Кыргызстан 20 жылдан кийин да Камбар-Ата-1 ГЭСин башкаруу укугуна ээ боло албайт. Мындай пикирин 22-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ата Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, энергетика тармагы – бул Кыргызстандын эң негизги байлыгы. "Биз энергетика тармагын өзүбүз бутуна тургуза албайбыз. Анан чоң объектилерди курууда да көңүлкош мамиле кылбашыбыз керек. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга эч ким каршы эмес, аны куруш керек. Ал жакка чоң каражат керектелет. Алгачкы келишимде Орусия курулуш үчүн 1,7 миллиард доллар бере тургандыгын билдирген, азыр да ошону айтып жатат. Бул жакшы нерсе. Бирок, Жогорку Нарын каскадын курууда маселелер бар. Бул жерде салыктан бошотуу менен, чыгымдар акталганга чейин 25 пайыз башкарууну Орусия тарап жүргүзөт. Анан өкмөттүн 20 жылдан кийин кетирилген чыгым акталса, башкаруу Кыргызстан тарапка өтөт деп жатканы туура эмес. Эгер биз бекем позицияны карманганыбызда макулдашууда мындай шарттар болбойт эле”,- дейт А.Келдибеков.


Булак:kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter