22 февраля 2013, 16:41

Элди көчөгө жетелеп чыкмай башталдыбы?

Оппозициянын жазгы митингинин ачылышы 13-мартка белгиленгенинен кабардарбыз. Ошол күнү борбордук аянтта чогулган адамдар парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу, өкмөт курамын отставкага кетирүү талабын коюшмакчы. Бул талабы аткарылбаса мөөнөтсүз митингин төңкөрүш менен жыйынтыктоону пландашканы каңкууланууда.

Бакиевдин кандуу хандык башкаруусу кулап, кыргыз эли бир үй-бүлөнүн башкаруусунан кутулуп, парламенттик башкарууга кадам таштап, өз эркиндигибизге өзүбүз ээ болуп, коррупцияга каршы ачылган күрөш жемишин берип, кылмыш чөйрөсүнүн тизгини тартылып, апрель революциясынын идеялары четинен аткарылып, стабилдүүлүк жаңыдан орной баштаган учурда бийликти күч менен басып алабыз дегендери – Кыргызстанды талкалоо менен барабар болорун өздөрүн патриот, мекенчил санаган оппозиция «кочкорлору» түшүнсө гана, аттиң! Түшүнсө түшүнүшөттүр, бирок, маңсап, байлык кумарына ээ боло алышпай, мамлекеттин тагдыры, мамлекеттин келечеги менен ойноп атышканы өкүнүчтүү. Дегенибиз, марттын орто ченине мерчемделген үлкөн митингге карата жер-жерлерден адамдары уюштуруп, борборго алып келүү процесси башталганын эшиттик. Укканыбызга ишенсек, түштүк чөлкөмүнөн бука моюн, жоон билек спортсмендер Бишкекке жашыруун ташылып келе баштаптыр. Мындан улам, оппозиция чындап эле «куралдуу төңкөрүш» жасайын деген го дейсин. Болбосо, митингге спортсмендерди эмес, карапайым калкты алып чыгышат эле го?


Булак: kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter