22 февраля 2013, 16:52

Өмүрбекке ишенгиче өзүңө ишен


"Республика” партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаева шаардык кеңешти шайлоодо "карусель” ыкмасын колдонуп, учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы турат. Гезиттер жазган маалыматтар боюнча Ажибаевага "Республиканын” атасы Бабанов жардам бермек тургай жанына басып бара элек экен. Эбактан эле айтылып келет "Өмүрбекке ишенгиче өзүңө ишен” деген кеп. Деги эле саясатчыларда бет деген жок. Өздөрүнүн кызыкчылыктары болуп жатканда бөйпөңдөп калышат. Анан тигил бул менен соодалашкан соң, жанындагыларын садага чаап басып кетишет. Абдылдаева "карусель” ыкмасын жыргаганынан уюштурган жок чыгаар. Ал да жакшы тилек менен эптеп "Республика” биринчи орунга чыкса, бир жерине кыпчылып, кызмат алып каламбы деген ойдо болсо керек кайран кыз. Мына эми ишенген кожосу Бабановдон дайын жок. Жаман оюнда күчтүү оппозиция болот имиш. Эч качан Бабанов күчтүү оппозиция болуп, бийликке тике карай албайт. Жашылбай дегенде жашын көлдөтүп жиберген Бабанов байлыгын  коргоп калуу үчүн баарына даяр. Анын максаты эптеп Отунбаева апчеси аркылуу бийликке сес көрсөтүмүш болуп, бийлик менен соодалашып бир кызматка секиргени жаткандай. Кайда барса да Кыргызстанды жүз күндө оңдоп жиберчүдөй болбой, тынч эле жүрсө болот эле.


Булак:kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter