
Чыңгызханды «кумир» тутуп, анын «шакирти» болгусу келген Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сотунда Үсөн Сыдыков капысынан пайда болду, деп жазат «Айбат» гезити 22-февралда чыккан санында.
Анда белгиленгендей, ал өткөн жылдын 3-октябрында сыртта жүргөндүктөн көрсөтмө бере албастыгын, бирок, үч депутатты күнөөлүү эмес деп эсептерин билдирди.
Гезитте жазылгандай, кыргыз саясатында «карт бөрү» лакап аты бар Үсөн Сыдыковдун абактагы үкаларынын бийликти басып алуу ниети болгонун сезип турса да билмексенге салып, аларды колдогону бекеринен эместир. Анын үстүнө, Үсөн акенин бул кебинен кийин билермандар түрдүү версияларды айтып чыгышты.
«Ага ишенсек, Минскиде чымын-чиркейлерге таланып жатканына курстан болуп жүргөн Курманбек Бакиев Үсөн акесине коңгуроо кагып, береги үкаларыңызды колдоп коюңуз дегендей өтүнгөн дешет. Мындан улам, Сыдыков күтүүсүздөн Биринчи Май райондук сотуна «жоортуул» жасап, «ата журтчуларды» колдомуш этип атпайбы! Мына ушунун өзү: «Ташиев 3-октябрда бийликти басып алууну пландаган, бул боюнча Бакиевдерден «добро» алган» имиши жөн жеринен жаралганын каңкуулабайбы?», - деп жазат гезит.