25 февраля 2013, 08:08

Жалал-Абад ОИИБи тарабынан 1 ай бою элдик жыйындар өткөрүлмөкчү

11-февралдан 11-мартка чейин атайын график түзүлүп Жалал-Абад облусунун шаар-райондорунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү өздөрү тейлеген административдик аймактарда жергиликтүү элге, элдик жыйындарды өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйын шаар-райадминистрациянын жетекчилери, шаардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, соттордун, аймактык прокуратура органдарынын, билим жана жаштар министирлигинин өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү жана аксакалдар сотторунун катышуусунда өтүүдө.

Бүгүнкү күндө Сары-Талаа, Кош-Дөбө айылдарында, Аксы районунун Кербен, Ала-Бука районун Балтагулов айылдарында жана Кара-Көл шаарында элдик жыйындар болуп өттү.

Аталган жыйынды өткөрүү учурунда элдин көпчүлүгү, бүгүнкү күндө аймактын жолдорунун бузулуп кеткендиги, чечилбей жаткан чек-ара тилкелери боюнча, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн алыстыгынан кээ бир атуулдар милиция бөлүмчөлөрүнө бара албай жаткандыктарын, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун жетишсиздиги, бир милициянын аймактык тескөөчүсү бир эле учурда 4-5 айылды тейлеп, ал эми ар бир айылдын аралыгы 15-20 чакырым экендигин билдиришти.

Ошондой эле, шаар-райадминистрациянын жана ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун штатын көбөйтүп берүү жана административтик имараты курулуп, бирок бүгүнкү күндө иштебей турган аймактык милиция бөлүмчөлөрүн ишке берүү жөнүндө сунуштарын айтышты.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter