25 февраля 2013, 08:43

Баткен райондук акимчилигине кылмыш иши козголду


Баткен райондук акимчилигине кылмыш иши козголдуБаткен облусунун Баткен райондук акимчилигине кылмыш иши козголгонун УКМКдан өткөн жумада айтышты. Райондук акимчилик 2011-жылы мамлекеттен бөлүнгөн кражатты туура эмес пайдаланган деп шектелүүдө. Чек арадагы жергиликтүү калктын көчүүсүн, үйлөрдүн сатылуусун азайтуу максатында бөлүнгөн 10 миллион сом акимчиликтин кызыкчылыгындагы имаратты сатып алууга кеткени айтылууда. Турак-жайларды сатып алуу боюнча ошол кезде түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, азыр өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков каражатты сарптоодо мыйзам бузулбаганын билдирди.

Баткен облусу боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы 100дөн ашык үй тажик жарандарына сатылып кеткен. Өкмөттөн бөлүнгөн каражатка ал жеке турак-жайлар кайра сатылып алуу керек эле.


БУЛАК:AZATTYK KG.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter