25 февраля 2013, 08:44

Башкы бажычы Кулматовду кулатуу аракеттери башталды

Өткөн жумада Жогоку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алышты. Комитет мүчөлөрү башкы бажычынын жумушунда толгон токой кемчиликтер бар экенин, ал жакта коррупция гүлдөп жатканын айтышып, Кулматовду кызматтан кетирүү демилгесин толук бойдон колдоого алышты.

Эске сала кетсек, буга чейин парламенттин пленардык жыйындарында "Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева Бажы кызматынын жетекчиси К.Кулматовдун коррупцияга белчесинен батканын жана ал Орусияга качып кетүүгө камынып жүргөнүн бир нече жолу билдирген эле. 


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter