25 февраля 2013, 08:48

"Өлүп, кайра тирилген" кыз

"Өлүп, кайра тирилген" кызАр бир адамдын башына түрдүү тагдыр туш болот эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыздын тагдыры да өзүнчө сөз кылууга арзыйт, ал «өлүп, кайра тирилген».

«Сен эми арбаксың»
Чүй облусундагы Токмок шаарынын жанында жайгашкан Дөң-Арык айылынын тургуну, 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Рысгүл Жакыпбекова өзүнүн кандайча тирүүнүн өлүгүнө айланганын баяндап берди:
-Чүй облусундагы Кегети айылына турмушка чыккан бөлөм телефон чалып, «кичинекей баламды бакканга жардамбер» деп суранганынан апама айтсам, ал макул болуп жөнөттү. Бөлөмдүкүндө жүрүп Асел деген келин менен тааныштым. Ал бир күнү «Токмокко 5 күнгө ашпозчу болупиштебейсиңби» деп калды. Башында көңүлдөнгөн деле жокмун. Бирок тиги жабышып отуруп телефон номеримди сурап, «үйүңө барып алып кетем» деди. Кегетиден кайра үйгө келип, тиги келин жөнүндө апама айтсам, «барбай элекой» деген.
Бир күнү апам кошунабыздын үйүн актаганы кеткенде Асел машина менен биздин үйдү таап келиптир. Жанында 4 киши бар экен. Эшиктин алдына туруп алып улам-улам телефон чалганынан апама ээрчитип барсам, ал мени жибербей койду. Эшикке чыккандан кийин Асел «жүр эми, бара берчи, тиги жакта кишилер күтүп калды» деп туруп алганынан 3 жаштагы инимди апамдын курбусунун келинине таштап коюп, тигилерге кошулуп кете бердим. Токмокко жеткенде Асел менден «кайдабаратасың билесиңби?» деп сурады. «Жок» десем, «сен Казакстандын Узун-Суу деген айылына баратасың» деди. Мен апама телефон чалып айтып коёюн десем, тигилер чалдырбай коюшту. Ошентип, Казакстандын чек арасына жеттик. Жанымда документим жок болгондуктан, алар мени суу кечирип Казакстанга алып өтүп кетишти.
Көрсө, Аселдин күйөөсү казак экен. Мен алардын үйүнө иштегени баратканымды ошондо гана билдим. Башында «иштегениңе жараша төлөп беребиз» деп жүрүшкөн, кийин эле «сен бекер иштеп жатасың, акча бербейбиз» дешти. Уюлдук телефонумду да жоготуп алдым. Анан Аселге «телефонуңду берип турчу, үйдөгүлөргө чалып, дайынымды билдирип коёюн» десем, «мен өзүм ансыз деле барып келем, сенин бул жакта экениңди айтам» деп Кыргызстанга 2 күнгө кетти. Келген соң мага «сенин ордуңа үйүңдөгүлөр «өлдү» деп башка кызды көмүп коюшуптур. Сен эми арбаксың. Үйүңө барган күндө деле ата-энең кабыл албайт» деп айтты.
1 жыл алардыкында кул болуп иштедим. Аселдин 5 жаштагы кызын багып, үй-бүлөсүнө тамак жасап берем, өзүм тамак жесем жедим, болбосо жок. Бир эшекке кошо турган арабасы бар, ошого тезек терип, өзүм сүйрөп келем. Аны короого үйөм, айтор, көрбөгөн кордукту көрдүм. Кээде мени сабаган да учурлары болду. 
Алардыкынан качсам башка казактар кармап, кул кылып алышты. Анан ал жакта да бекер иштедим. Ошентип, 4-кожоюндун колунда жүрсөм, алар мени бир өзбекке күйөөгө беребиз деп калышты. Ал өзбек мурун атасын өлтүргөн адам экен. Аны менен жашагандан коркуп, кайра Аселдикине качып келдим. Аселдин күйөөсү «иштеп тапкан акчаңды Аселге бердим. Теңге боюнча турат, аны аялым Токмокко барганда сомго алмаштырып берет. Мага таарынба» деди. Асел мени чек арага чейин алып келип, «паспортуң жок болсо кантип өткөрмөк элем?» деп акча да бербей ошол жерге таштап кетип калды. Чек арада тамеки сатып иштеген бир эжеге «сиз да мени кул кылып албайсызбы?» десем, «жок, мен өзүм кыргызмын» деп тамак алып берди. Анан анын телефону менен ата-энеме байланышып, алар эртеси келип мени алып келишти.

«Мейли, биздин кызбы же жокпу. Бул кызды жерге берип, сообуна калалы»
Кызынын тирүү экенине жетине албай кубанган эненин да сөзүн уктук. Саткын Базаркулова, Рысгүлдүн апасы:
-Кызым 1983-жылы төрөлгөн. 2011-жылдын 8-июнь күнү Асел Кадырбек кызы деген кегетилик келин менен үйдөн чыгып кеткен бойдон дайыны чыкпай калды. Акыры күтүүдөн үмүтүбүздү үзүп, издей баштадык. Милицияга арыз жазып, телеканалдардан сүрөтүн чыгардык. Атүгүл атайын Казакстанга да издеп барып, таппай келдик. Күндөрдүн биринде Чүй РИИБинен телефон чалып, «бир кыздын өлүгү табылды, сиздердин кызыңыздар эмеспи? Өлүкканага барып, көрүп кеткиле» деп калышты. Мен, чалым, кошуналар болуп өлүкканага бардык. Менин жүрөгүм оорулуу болгондуктан, ичине кирген жокмун. Бирок эмнегедир каза болгон кыз менин кызым эместей туюлуп жатты. Кошунам менен чалым кирип кетишкен. Бир аздан кийин чалым «чачы кыркылуу, буту биздин кыздыкына окшош экен. Бети-башынан тамтык жок, таанылбайт. Биздин кыз окшойт» деп чыкты. Анан милиция кызматкерлерине «мейли, биздин кызбы же жокпу. Бул кызды жерге берип, сообуна калалы» деп аны алып келип көмдүк. 
Кыркылыгын бергенден кийин, тагыраак айтканда, 2012-жылдын 5-августунда чек арадан бир аял чалып, кызымдын тирүү экенин айтса, алгач ишенген жокмун. Чек арага барып, кызымды өз көзүм менен көргөндө кубанганыма чыдабай ыйлап жибердим. Анан чек арачыларга жалынып, паспортунун көчүрмөсү бар эле, ошону көрсөтүп жатып араң алып өттүм. Ошентип, кызымды үйгө алып келип, эч жакка чыгарбай кармап отурам. «Акылыңа кел, менин тилимди ук, башкаларга экинчи ишенбей жүр» деп насаат айтып жатам. 
1 уул, 1 кызыбыз бар эле, уулубуз каза болуп калганынан бир бала багып алып, кызым азыр ошону карап үйдө. Рысгүлдүн тирүү маңдайыбызда отурганына бактылуумун. Мындан тышкары Бурул аттуу сиңдим да Казакстанга иштейм деп кетип, 3 жылдан бери дайыны жок. Ал эми Аселдин үстүнөн милицияга арыз жазгам. Азырынча аны табыша элек. Менин талабым – ал жазасын алсын, болбосо кызымды кыйнап иштеткени үчүн айлык маянасын берсин!

«Буту кызымдыкына окшош экен»
Ал эми өлүкканадан өз кызы экенин так билбесе да, сөөктү алып чыккан Рысгүлдүн атасы Турдакун Жакыпбеков буларга токтолду:
– Өлүкканага биринчи жолу киргендиктен, мурда андайды көрбөгөн жаным жүрөгүм түштү. Ал жерден бизге бир кызды көрсөтүштү. Бою узунураак, чачы кыска экен. Бетинен тааныган жокмун. Буту менин кызымдыкына окшош болгондуктан, ошол окшойт деп ойлодум. Анан өлүкканадагылар да «алып кете бербейсиңерби» дешкенинен кызым болбосо деле алпарып көмүп коёлу дедик. Ошентип, аны жерге бергенден кийин да 10 күн коркуп, эсим чыгып жүрдү. Кийин, Кудай жалгап, кызыбыз тирүү болуп чыкты.

Бул факт боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматчысы Айбек Арзиматов төмөнкүдөй көрсөтмө берди:

– Жогорудагы окуя боюнча Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан 2 кылмыш иши козголгон. Рысгүл Жакыпбекованын арызынын негизинде азыркы тапта Асел Кадырбек кызы аттуу жаранга издөө жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу тараптын ата-энеси жерге көмүп койгон маркум кыздын өздүгүн тактоо боюнча да иштер жүрүүдө.

Азыр чет өлкөгө адамды товар катары саткан шылуундар көбөйдү. Ошондуктан бир жакка чыгарда алгач өзүбүз ойлонгонубуз оң. Ар бир жаран өз укугун билип, чет өлкөгө мыйзамдуу түрдө гана кетиши керек. Жогорудагы каарманыбыздын тагдыры башкаларга сабак болор.(М.Э)


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter