25 февраля 2013, 08:53

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: "Бийлик жазга чейин системсиз оппозицияны системдүү оппозициянын астына жасалма түрдө киргизүүгө аракет кылат"

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: "Бийлик жазга чейин системсиз оппозицияны системдүү оппозициянын астына жасалма түрдө киргизүүгө аракет кылат" Учурда жазда бирдеме болот окшойт деген божомолдор күчөдү. Сиздин пикириңиз?

- Жазда жыл сайын жаңы саясый сезон ачылат эмеспи. Быйыл ошол сезондун курчураак ачылышы күтүлүүдө. Баарынан кызыгы, аны быйыл «Ата Мекен» партиясы, өздөрү аңдабай туруп, 13-февралда мародерчулук менен айыпталган депутаттарын колдоо митингдери менен ачып берди. Бийликтен уруксат албай эле Ак үйдүн алдындагы аянтты ээлеп, өлкөнүн эң чоң жолун бууп, агрессивдүү кыйкырып жаткандарды бийлик да абалы аңдабай тымызын колдоп турган. Анткени «атамекенчилер» бүгүнкү бийликтин оппоненттерине акаарат айтып жатышканы майдай жаккан. Түшкө жакын акыл-эстүү бирөө айтты окшойт: «Эмне кылып жатканыңарды түшүнүп жатасыңарбы? Силер, биринчиден, митингдердин сезонун өзүңөр ачып берип жатасыңар, экинчиден, уруксатсыз, мыйзамсыз, агрессивдүү митинг өткөрүп прецедент түздүңөр, эсиңерге келгиле. Эртең эле ушул силер турган аянтка силердин оппоненттериңер чыгат, ошондо эмне дейсиңер? Бизге боло берет, силерге болбойт дейсиңерби?» деп. Баары шашып калышты. Атамбаевдин командасы: мэрия, шаардык жана Башкы прокуратура митингдин мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Алтургай Текебаев өзү да митингдин мыйзамсыздыгын моюнга алууга аргасыз болду. «Атамекенчилер» шашып митингин таркатышты. Бирок, поюз эбак кетип калган эле, жин бөтөлкөдөн чыгып кеткен. Мен билгенден азыр бир нече саясый топ жазгы саясый акцияларга даярданууда. Булар: «Парламент кетсин!» деген талап менен чыгып жаткан Мирослав Ниязовдун, Артур Медетбеков, Марат Иманкулов, Анарбек Бакаев жана башка «генералдар» клубу, Азимбек Бекназаров, Бабырбек Жээнбеков жана Эркин Бөлөкбаев баштаган «революционерлер» тобу, Бейшен Болотбеков, Жаныш Рүстөмбеков, Бекболот Талгарбеков баштаган «губернаторлор» клубу, Өмүрбек Суваналиев баштаган «президенттикке талапкерлер» клубу жана акыркы күндөрдө олуттуу күчкө айланып келаткан «Талас» тобу - жазгы саясый театрдын олуттуу оюнчулары болот. Эгер бийлик жазга чейин булар менен тил табыша албаса, анда булар өлкөдөгү бардык нааразы күчтөрдү бир муштумга чогултуп бийликке каршы коё алат. Бийликти колдогон күчтөр күн өткөн сайын азайууда. Жалпылап айтканда, өлкөдөгү калктын 5%ы гана бийликти колдошу мүмкүн. Калганы кайдыгер. 2010-жылдагы эл ээрчиген идеология азыр натыйжа бербейт, эл бийликке ишенбей калды. Байкаганыңыздардай, системсиз (көчө) оппозиция күч алып баратат. Бул өтө коркунучтуу. Ал эми парламенттик, системдүү оппозиция да жазында (системсиз) көчө оппозициясына кошулуп кетчүдөй. Ошондуктан бийлик бүгүнкү күнү шашылыш түрдө оппозицияны парламентке, системдүү статуска киргизүүгө аракет кылат. Парламенттеги оппозицияны күчтөндүрүүгө, бирок бийлик өзү көзөмөлдөй ала турган оппозицияны түзүүгө аракет кылат. Экинчиден, системсиз оппозия өкүлдөрүн ичинен бузуп-жаруу үчүн бирөөлөрүнө токоч берип бирөөлөрүн ар кандай коркутуулар менен камчылоого аракет кылат. Үчүнчүдөн, азыр бийлик милициянын атайын күчтөрүн талаага алып чыгып алып, жазгы акцияларды кантип күч менен таратуу жолдоруна машыктырып жатат…

- Камакта жаткан 3 депутаттын үстүнөн жүрүп жаткан сот ишин коомчулук негизинен саясий буюртма деп баалап жатат. Ошол эле учурда буларга чала болду дегендер да бар.

- Саясый буйрутма экени оркоюп көрүнүп калганын бир кездеги бул бийликтин тарапкерлери деле ачык айтып жатпайбы. Кылмыш кодексиндеги бейбаштык (хулиганчылык) беренесине гана квалификациялана турган мыйзам бузуучулукту булар кулагынан чоюп оор кылмышка теңегиси келип жатат. Бирок, Кыргызстандын жаңы тарыхында мындай жасалма кылмыш иштери менен бийлик тарабынан камалган Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиев, Азимбек Бекназаров, Эркин Бөлөкбаев, Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова сыяктуу ондогон саясый ишмерлер бийлик алмашары менен толук акталып кетишкен. Ал эми аларды камагандар чет өлкөлөрдө качып жүрөт. Анын үстүнө өздөрү бийликти басып алуу жолу менен келгендер башкаларды ошентип күнөөлөөгө моралдык укугу барбы?  Ал эми буларга чала болду дегендер, жанагы жогоруда айтылган, бийликти колдогон 5%дын тегерегиндеги калк. Чала болду дегендер да эки топко бөлүнөт. Биринчилери бул - Ташиевди, Садыр Жапаровду бир нече жылдар бою, фактысы жок болсо да, дүңүнөн күнөөлөп коррупционер катары коомдук пикир түзүп койгон басма сөзгө жана башка күчтөргө сокур ишенгендер болсо, экинчилери -трайбализмдин уусуна уулангандар.

- Кыргызстандын президенти Атамбаев орустардын кукласына айланганын айтып жүрүшөт. "Манас" аба майданынан АКШ күчтөрү чыгарыла турганын ал күндөп-түндөп какшап айтып келе жатат. Мунун арты эмне болушу мүмкүн?

- Антип айтышкандарынын себеби, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы көп стратегиялык маселелерди эл аралык саясаттын субъектилери менен чечүүнү өзү жүргүзбөй, Россиянын мыкчыгерлерине өткөрүп берип койгондугуна байланыштуу болсо керек. Мисалы, Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарынын тагдырын чечүүдө азыр Москва менен Ташкент Кыргызстансыз эле ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал эми Бишкектеги «Манас» авиабазасынын тагдырын Бишкексиз эле Москва менен Вашингтон чечерин кичине башында бүдүрү барлардын баары түшүнүп калды. Кыргызстандагы күйүүчү майлар рыногун толук бойдон россиялык «Газпром» монополия кылып алса, эми Атамбаев менен Тургунбек Кулмурзаев Москвага барып түнөп жатып жүрүп «Кыргызгазды» да 100% Россияга бекер берип, кыргыз газ рыногуна толук монополист кылышты. Россиянын Канттагы авиабазасынын мөөнөтүн 49 жылга узартып, эми Ошто да экинчи россиялык базаны ачуу иштерин жүргүзүшүүдө. Кыргыз жаңы ГЭСтерин куруу жана башкаруу факты жүзүндө 75% Россияга өтүп кетти. Ошондуктан Атамбаев «Манас» авиабазасы чыгарылат деп канча какшап айтканы менен, анын тагдырын Москва менен Вашингтон чечет. Менимче, Москва менен Вашингтон чоң геосаясый проблемаларын, куралдануу, анын ичинде Ракеталарга каршы коргонуу көйгөйлөрүн чечүүдө "Манасты" курал катары гана колдонуп, акырында АКШ аскер күчтөрүн Кыргызстанда атын гана өзгөртүп калтырып койот. Анан байкап жатсаңыздар керек, Россия Атамбаев менен өздөрүнүн бажы башчысы Беляниновдун жана «Газпромдун» төрагасы Миллердин деңгээлинде гана сүйлөшүп келатат. Белянинов жакында эле келип өз тапшырмаларын берип кетти. Москвага барса да Белянинов тосуп алып коштоп жүрөт. Акыркы келүүсүндө Россия Кыргызстандын кезектеги премьер-министри катары Миллердин курсташы, бизнес партнеру, «Газпромдун» Кыргызстандагы көзүрү Болот Абилдаевди көрүүнү каалагандыгын билдириптир.

- Учурда парламент президенттин алдында чөгөлөп берди деген пикирлер коомчулукта күч. Бул парламенттин ишине кандай баа бересиз?

- Коомчулук туура айтып жатат. Парламенттин инсандык составынын сапаты өтө эле начар болгондуктан, азыр дээрлик көпчүлүгү президенттин алдында чөгөлөп беришти. Бизде жаңы бийлик өзү кабыл алган жаңы Конституциядагы парламенттик система орнобой, кайрадан эле «акаевдик-бакиевдик-атамбаевдик» президенттик система орноду. Конституциянын атасымын деп жүргөн Текебаев азыр эч кандай планетардык масштабдагы саясый идеология жөнүндө ойлобой да калды. Бир гана максаты «Ата Мекен» партиясын, анын депутаттарын мародерчулук боюнча соттолуп кетүүдөн аман сакталып калышы үчүн гана президент Атамбаевге керектүү мыйзамдарды чыгарып бере турган мандикер болуп калды. Эгер ушул кишиге парламенттик системанын тагдыры, жаңы конституциянын кынтыксыз аткарылышы керек болбой калса, анда калган депутаттарга эмне керек эле? Ошол эле Текебаевдин тегерегинде жүрүшкөн «Ата Мекендин» эле депутаттары -Эркин Алымбеков өзүнүн бир туугандарын мамлекеттик кызматтарга орноштуруу менен алек, ага өлкөнүн тагдыры эмес, өз туугандарынын бакубат турмушу гана кызык. Асия Сасыкбаева болсо, дүйнөнү кыдырып, саякатка миңдеген малекеттик акчаларды чачканына ыраазы. Анан ушулар президентке чөгөлөп бербегенде ким чөгөлөп бермек? Анан ушул парламент эл кызыкчылыгы үчүн иштемек беле? «Ата Мекен» партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо өткөн эмес, 5%ды кулагынан чоюп жатып бийлик кошуп койгон. 

- Өзбек президенти Ислам Каримовдун биздин президент Атамбаевге кайта-кайта ден соолук каалап жатышынын себеби эмнеде?

- Бул эми чыгыш дипломатиясы эмеспи. Көрүнүктүү, жаш депутаттардын бири Улукбек Кочкоров өзүнүн Каримовдун өлүмү жөнүндөгү Алмаз Атамбаев менен болгон маегин ачыкка чыгарып жибербедиби. Ошондон бери, бир айга жетпеген убакыт ичинде Ислам Каримов эки жолу расмий ноталарга Алмаз Атамбаевдин ден соолугун тилеген каалоосун атайын кошуп жатат. Бул текст астында жашырылган какшык. "Түшүнсөң түшүнөрсүң, түшүнбөсөң, дагы бирөөнүн башын бүтүрөрсүң" деген сөз бар эмеспи. Анан да президент Алмазбек Атамбаевдин досу, революциялык соратниги Азимбек Бекназаров бая күнү публично айтпадыбы: «Нурсултан Абишевич Назарбаев менен Ислам Абдуганиевич Каримов биздин Атамбаевди жаш баладай эле кабыл алат, тоотпойт» деп.


Булак: Kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter