25 февраля 2013, 09:49

Текебаевдин элде өчү бар беле? Же мародерлук жөнүндө чындык баары бир ачыкка чыгат...

Текебаевдин элде өчү бар беле? Же мародерлук жөнүндө чындык баары бир ачыкка чыгат...Асыл таштар убакыт өткөн сайын көркүнө чыкса, ширпотреб деп аталган буюм- тайымдардын эки-үч жылда эле кунары учуп, эч нерсеге жараксыз  боло баштайт.  Анын сыңарындай, жакшы адамдардын, чыгаан саясатчылардын мыкты сапаттары акырындап ачылып, улам жаңы кырдаалдарда  жакшы жактарынан көрүнө беришсе, тилекке каршы, инсандык өзөгү начар, саясий маданияты төмөн, арышы мокок саясатчынын улгайган сайын кыялы бузулуп, жаман жагынан  көбүрөөк көрүнө баштайт тура. Ага ачык далил катарында "Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин инсандык жана саясатчылык эволюциясын көрсөтүүгө болот.

Текебаев тунгуч ажого эмнеге каршы чыккан эмес?

Ачыгын айтканда  Ө.Текебаев өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында чоң саясатка жаңыдан аралашканда тазалыгы, чынчылдыгы жана калыстыгы, аракетчилдиги жагынан ага тең келгидей саясатчылар жокко эсе болчу. Мугалимдер менен окуучулардын укуктарын талашып, элдин көзүнө көрүнүп, анын негизинде легендарлуу  парламентке келгенден кийин көп жылдарга чейин ал моралдык сапаттары боюнча гана эмес, сырткы келбети, жүрүм-туруму боюнча да Жогорку Кеңештеги элге үлгү болорлук, суктандырарлык инсандардан болгон. Ал мезгил Ө.Текебаевдин триумфтук убагы эле. Аны кыргызстандыктар гана эмес, кошуна мамлекеттердин айрым лидерлери да мыкты депутат деп баа беришкен. Ошондон улам биринчи качкын президент аны өзүнүн мураскору деп атаган учурлары да болгон. Бирок  канайым  аны "Айдарың менен Берметиң турганда башкаларды мураскор деп акылыңдан адаштыңбы?” деп чырдагандан кийин биринчи качкын президенттин Текебаевди көргүсү түгүл, ал жөнүндө уккусу да келбей калган сыягы.  Бирок  андан кийин деле Текебаев Акаевге каршы элдешкис позицияга өткөн эмес, кээде гана аны чоочугандай сындап коюп, андан кийин подпольеге түшүп кеткендей көпкө дейре  унчукпай калып, Акаевдин элге жек көрүндү болуп бүткөн бийлигине каршы күрөшүү менен эмес, негизинен мыйзамдарды жазуу, бизнесин түптөө менен алек болуп келген. Текебаевдин Акаевге эмнеге ачыктан ачык  каршы чыкпагандыгынын себептери же ажо экөөсүнүн ортосундагы жашыруун келишим, ажонун саясатчыга демөөрчүлүк иштери жөнүндө учурунда көп жазылган, айтылган.  Бирок "шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дешкендей, Текебаевдин эч качан Акаевге ачык каршы чыкпагандыгына караганда экөөсүнүн ортосунда бир макулдашуу болгондой, антпесе "ашкере оппозициячылдыгы менен айрымаланган жаран ага эле эмнеге лоялдуу болуп жүргөн?” деген да суроо туулат, бирок алар жөнүндө биз бир нерсе деп айта албайбыз. Балким  Текебаев 8  килограмм героин менен кармалган бир тууган инисин түрмөдөн бошоттуруп атканда Акаевге ашкере ыраазы болуп, сизге каршы чыкпайм деп убада берип коюусу же эки ортодогу мамиледе эч кандай финансылык кызыкчылыктар эмес, жөн эле "жакшылыкка жакшылык” деген принцип эле болушу да мүмкүн.

Текебаевдин  кыргызда өчү бар беле?

Ө.Текебаевдин инсандык жана саясий сапаттары жагынан 2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин кескин өзгөрүп, созулган маданияттуу оппоненттен оозунан эмнелер чыгып, колу нелерди жасап жаткандыгын көзөмөлдөй албаган делбе тап депутатка айланып кеткендигин коомчулук жакшы билет. Ага анын сүйүктүү ажосунун качып кетип, ордуна Жалал-Абаддан бери эле тил табыша албаган Бакиевдин келгендеги себеп болгон. Ал парламенттин спикери болуп турганда жогорку трибунадан Бакиевге асынып өлүп алууну сунуш кылган. Эмне дебейли, ал спикер жана Текебаевдей чоң саясатчы айта турган сөз эмес болчу. Антип камалгандардын же атылгандардын биринин аялы айтса жарашмак, бирок мамлекеттик иерархиянын экинчи тепкичинде турган чиновниктин биринчи тепкичте турганды "асылып өлгүн” деп каргап-шилөөсү чет өлкөлүктөр түгүл кыргызстандыктардын деле күлкүсүн келтирген. Андан кийин интернетке "секс маньяк” жөнүндөгү тасмалар чыгып, Текебаевдин  саясий абийири айрандай  төгүлгөн. Цивилдүү өлкөлөрдө саясатчынын башка бирөөнүн аялы менен жылаңачтанып жүрмөк түгүл, шектүү жерде ээн калгандыгы катталса деле, анын саясий карьерасына ошол замат чекит коюлмак. Эл аралык валюта фондунун мурдагы жетекчиси Доминик үй тазалагыч аялдын "мени ал зордуктоого аракет кылган” деген көрсөтмөсү үчүн эле шайлоодон четтетилип салбадыбы.   Бирок  "боло берет турмушта, айрыкчасы  кыргызда” деп үч жолу  эрден чыккан бир аял айткандай, биздин саясатчылардын абийирлери канчалык булганган сайын дымактары ошончолук артып, башкаларга акыл үйрөткөнгө, бирөөлөрдүн аркаларынан жамандык издегенге гана күчтөрү чыга баштай тургандыгына да күбө болуп атабыз.

Апрель окуясынан кийин Башмыйзам жазгыч болгон Ө.Текебаев Кыргызстанга өчөшкөндөй, элде өчү бардай иштерди гана жасоодо.  Ал жазган Башмыйзам менен үч баштуу болгон, бирок  бири да жандуу иштебеген бийлик бутактарына, өлкө дайыма саясий кризистин комплексинде опурталдуу кырдаалда  жашаган абалга гана тушуктук. Оппозицияда жүргөндө элдин, өлкөнүн таламын талашып келген башкы "атамекенчинин” бийликке келгени, анын анык жүзүнө күбө болуп келатабыз. Дегеним, Өмүрбек мырза  жеке өзүнүн, партиясынын, санаалаштарынын гана кызыкчылыгын гана көздөөдө.  Мурда мамлекетти бир үй-бүлө өзү каалагандай башкарып келсе, ал "аталык” кылган Башмыйзамга ылайык,  азыр расмий  эч нерсени чечпеген президенти,  расмий бир,  реалдуу дагы үч премьер-министри, эч нерсе менен иши жок спикери, алардын артында эч нерсеге тойбогон  сансыз чоролору барлардын туткунунда калдык.  Алар өлкөнү короолорундагы койлордой кылып  бөлүп алышып, өздөрү каалагандай башкарып атышат. Акаевди калмактардын өчүн алды десек, Текебаевдин мыйзамдары менен башкаргандардын кимдердин өчүн алып жатышкандыктары белгисиз.

"Не было ни гроша, да вдруг алтын...”

"Ата Мекен” партиясынын айрым жетекчилеринин 2010-жылдын 7-10-апрелиндеги мародерлук, рейдерлик иштерге тиешелери бар экендиги жөнүндөгү  маалыматтар  чын-чынына келгенде эч кимге деле жаңылык эмес. Андай сөздөрдү мародерлукка тиешеси бар деп шектелип текшерилип аткандар тууралуу аларды жакшы билгендер 2010-жылдын апрелинен бери эле шыбыштап жүрүшкөн. Анткени орус макалында "не было ни гроша, да вдруг алтын” деп айтылгандай, эптеп тиричилик кылып келаткандар революциядан кийин эле атасына кошулуп  баласы, кызы деле Жип  минип, оокаттары деле көбөйүп, казан-табактары  майкөл-сүткөл болуп, анысы аз келгенсип үчтөн-төрттөн жан сакчылар менен жүрө башташса, алардын өздөрүнүн абалдары түгүл чычкандарына чейин билген коңшу-колоңдору, мурда "обед” алып берип жүргөндөр "кечээ эле курсактары бир тойгонун ийгилик  катары эсептешкендер  мынча акчаны  дароо кайдан таба коюшту?” деп ойлобой, ар нерсеге жорубай  коюшпайт экен. Партиянын Р.Төлөгөнов баштаган лидерлеринин 2010-жылдын  7-апрелиндеги мародерлукка тиешелери бар экендигин биринчи Кант районунда жашаган бир нече аял айтып чыккан. Анан  куйругунда калбыры бар экенин унуткан "атамекенчилер” ашкере акыйкатчыл болушуп, ар кимдерге асылышып же алары далилденбей калгандан кийин "Республика” партиясындагылар жалпы республикага дүңк эттиришти. Кыргызстандын эли 7-апрелдеги революциянын  Абдулла Юсупов деген да "каарманы” болгонун ошондо билишти. Адегенде  "атамекенчилер”  Юсупов дегенди таптакыр билбейбиз деп чыгышса, аны менен телефондук сүйлөшүүлөрү  далилденгенден кийин аны тааный тургандыктарын аргасыз моюндарына алышты.  Бирок  дале  мародерлуктарга тиешелери бардыгын моюндарына албай келатышат.

Ак болушса, эмнеге убактылуу четтеп турушпайт?

ЖМКларга жарыялангандарга караганда, мародерлукка, бакиевдердин Тейиттеги үйлөрүн өрттөп, талап-тоноолорго байланышкан  фактылардын айрымдары А.Эркебаев жетектеген парламенттик комиссиянын иликтөөлөрүндө эле ачыкка чыккан экен. Бирок  комиссиянын Жалал-Абад облусу боюнча ишин Р.Төлөгөнов жетектегендиктен алар жыйынтыктоочу тактамага  киргизилбептир. Ал эми андан кийинки текшерүүлөрдү  "Ата Мекен” партиясынан чоң кызматтарга сунушталгандар текшеришкендиктен алар да бир жактуу болуп,  аялы менен бирге чырылдаган Юсуповдун маалыматтарын аныктоого эч ким кызыкпаптыр. Адатта бир иш текшерилгенде ага кызыкчылыгы бар тараптын өкүлдөрү кошулбайт, калыстар гана тартылат. Атүгүл кызыкчылыгы бар тарап текшерүүнүн ишине кийлигишип, таасир көрсөтө турган чоң кызматтарда турушса, алар  убактылуу кызматтарынан четтетилип турушат. Мисалы,  Ө.Бабановдун  жоргого байланышкан иши текшерилгенде ал өз ыктыяры менен премьер-министрлик кызматын бир айга тапшыргандыгын бардыгыбыз билебиз. Бирок  эмне үчүн "атамекенчилердин”  мародерлукка байланышкан иштерин өздөрү кошулуп, анысы аз келгенсип алар тарабынан укук коргоо органдарына сунушталгандар  гана текшерип жатышат? Өздөрү кызматтарга сунуштагандардын да текшерүүлөргө катышууларына каршы болушуп,  "мына, эми каалаганыңарча текшергиле, күнөөбүз болсо  жазалагыла, күнөөбүз жок болсо, кечирим сурагыла” деп коюшса, элдин баары аларды чыныгы жигит экенсиңер гана дешмек. Чындап шектенгендер да күдүктөнө башташмак. Бирок... бирок, алардын айрым чындыктарды да моюндарына албай, качан фактылар аркылуу бурчка такаганда гана "Ооба, Юсуповду айрымдарыбыз таанычу элек” дегенге аргасыз болушкандары, акыркы убактарда ашкере эле күйпөлөктөй башташкандыктары  эл арасында күдүк ойлорду көбөйтүүдө. Болбосо 13-февралда "атамекенчилердин”  беделдерине доо кетсе, элдик революцияга да доо кетет” деген мазмунда Ак үйдүн алдында митинг уюштуруунун кандай зарылчылыгы бар эле?  Бул башка "временшиктерге” апелляция-реверанс  жасап,  бизди сактагыла, болбосо... деген эскертүү эмеспи?

Чындык баары бир ачыкка чыгат...

Ак ийилет, бирок сынбайт. Апрелдеги мародерлукка байланышкан иштердин бардыгы убагы келгенде аныкталат, такталат. Аны кырдаал өзгөрүлсө эле ага катышкандардын өздөрү сайрап, бири-бирин чукуп, биз  билбегендерин да ачыкка чыгарышат.  Ага чейин айрымдардын куугунтукка, кысмакка учурап, эркинен ажырап, өздөрү гана эмес, үй-бүлөлөрү менен азап чегип жатышкандары гана өкүндүрөт. Бирок  алардын убалдары да эртели-кеч  тийиштүү  адамдарга  тийбей койбойт.


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter