25 февраля 2013, 09:51

8 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген таксист кармалды

8 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген таксист кармалды.

2- класстын окуучусу Настя Луцишинанын өлүмүнө шектелген адам мыкаачылык менен жасалган өлүм тууралуу кылган ишин мойнуна алып, көрсөтмө берди. Бул тууралуу РИА- новости жазат. Анда белгилүү болгондой, шектүү адам таксисит болуп иштейт. Анын үйүн тинтүүгө алган учурда Настяны өлтүргөн бычак табылган.

Эске салсак, 19- февралда сабактан чыккан Настя дайынсыз жоголуп кеткен. 8 жаштагы Настяны тирүү табууга бардык аракеттер көрүлүп, жарыялар илинип, волонтер куткаруучулар шаарды тинтип чыгышкан. Бирок тилекке каршы анын өлүк денесин Приморский крайдын Уссури унаа жолунда итин сейилдетип жүргөн адам тапкан. Настя бет- башы канга боелуп карда жаткан. Алдын ала божомолдорго караганда өспүрүм кызды бычактаардан мурун  зордуктаган.

Учурда аталган окуяга байланыштуу "Өспүрүмдү өлтүрүү”боюнча кылмыш иши козголуп, 20 жылга абакка кесүү чечими күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, акыркы учурларда Орусиянын ар кайсы булуң- бурчунда өспүрүм кыздарга кордук көрсөткөн фактылар көп катталууда. Жакында эле Елабугда 8 жаштагы окуучу кызды бачабаз зордуктап аңга ыргытып жиберген. Бактыга жараша жолдон өтүп бараткандар байкап калып кызды таап алышкан. Ал эми февраль айынын башында Челнах Набережныйында 8 жаштагы Василиса жоголуп, аны 30 жаштагы өзбек улутундагы адам уурдап кетип зордуктаганы белгилүү болгон

 


БУЛАК:KYRGUZ TODAY
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter