25 февраля 2013, 10:21

Жол “”тудэй - Ушак качан түгөнөт?

Акыркы мезгилде кыргыз тилдүү журналисттерди ушакчылар катары басмырлоо күч алып баратат. Бул жерде, мен кыргыз тилдүүмүн, сен башка тилдүүсүң деп бөлүп-жарууга болбойт.
Депутаттын милдети мыйзам чыгаруу, өздөрү ушакка аралашпай мыйзамын чыгара беришсин. Аткаруу бийлигинин кызматы бийлик жүргүзүү, "пажалыста” эл каалагандай бийлигин жүргүзө бербейби, соттун кызматы калыстык менен мыйзамдын чегинде иш кылсын. Журналисттерди ушакка түртүп жатышкан, мына ушул үч бийлик. Алар ММК - "төртүнчү бийлик”-дешип, өздөрүнө анча-мынча акчага кызыккан журналисттерден "шакалат” берип жакындатып алышат да, өзүнүн атаандаштарын талкалоо максатында өздөрү чыгарган ушак-айыңды жайууга аркет кылышат. Ошол саясатчылардын оппоненттери тим калмак беле? Алар башка акча дегенде "суусап” турган журналистти сатып алып анын үстүнө кайрадан "жугунду” куйдуруп жатышат.
Массалык маалымат каражаттарында иштеп тиш кагып калгандар, гезит-журналды бир окуп эле билишет, кайсы гезит кимге кызмат кылып жатканын. Чындыгын айтыш керек, орус тилдүү гезит-журналдарда, фактты тактап, журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн каражат бөлүнөт. Анын үстүндө орус тилдүү ММКда айлык акы да жогору. Ал эми кыргыз тилдүү гезит-журналдарда айлык акыны аз төлөгөнү аз келгенсип, журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн акча каражаты төлөнүп берилбейт. Кааласаң өз чөнтөгүңдөн төлөп, журналисттик иликтөө жүргүзө бер. Ал эми сен журналисттик иликтөө жүргүзгүчө эле, азыркы күнү жаандан кийинки жамгырдай жабырап кеткен, иттин кара капталындай көп кыргыз гезиттери, эбакта ал кабарды "архивге” айлантып жиберишет. Анан аны ким окуйт? Журналисттин өзүнүн иши кабар таратуу болгондон кийин, албетте, такталган маалымат табат, такталбаган маалымат табат. Такталганы кабар деп айтылса, такталбаганы ушак деп айтылат. Жанагыдай себептер менен ар бир кабарды тактап чыгууга мүмкүнчүлүк да жок. Анын үстүнө азыр саясатчылар баш болуп, саясатка кызыккандар төш болуп, ушак-айыңы укмуш көп гезитти жантыгыбыз менен жата калып окуйбуз. Маркетинг деген ушул, кандай талап болсо, ошондой сунуш. Кыргыз окурмандарынын талабы ушакпы, анда неге ушакты сунуш кылууга болбосун? Авторитардык бийликтердин убагында акыйкатты жазуу үчүн, канжыгага башты байлап, бычак мизинде жүрүүгө туура келген. Ал мезгилдеги "суу жүрөк” журналисттер, чындыкты айтуудан тартынышып, бийликти гана мактап, жалтаңдап баш көтөрө алышпай жүрүшчү. Мына эми эркиндик келгенин билишип, дал ошондой "суу жүрөк” журналисттер аренага чыгышты да, акчага сатылышып, ушак-айыңдардын көбөйүшүнө түрткү болууда. "Азаттыктан” Азамат Тынаев жазып атат: "”Жылына бизде орто эсеп менен ММКга каршы  5 миңдин тегерегинде доо коюлуп жатат” –деп. Бул деле демократиялуулуктун бир белгиси, жалган ушак айтып кадыр-баркына шек келтире турган болсо, доо койсо ким кармап атты эле. Азыркы күндө, ММКнын доолорун карай турган комиссия түзүлгөн, ушул комиссиянын жетекчиси Шамарал Майчиев: "Биз Бакиевдин убагында көп ушак жазчубуз, алардын бары эми чындыкка айланды. Биз жазчубуз, жаза беребиз”-дейт. Ооба, жазганга эч ким тыюу сала албайт. Фашизм да, Сталин да жазганга тыюу сала алган эмес. Арийне,кантип жазыш керек, мына эң биринчи ушул жагы.Журналистика да кимдир бирөөлөр үчүн май талкандуу бизнеске айланганы белгилүү. Кимдир бирөөлөр үчүн жашоо булагы. Азыркы күндө журналистикада жаңы агым пайда болгон. Бул коммерциялык журналистика, бул тармакта жазууга талант, шыктын кереги деле жок, коммерцияга жөндөмдүүлүгүң болсо болду
. Эптеп ушак таап барып, чиновникти же олигархты "сындырып”, андан акча бербесең гезитке чыгарам деп коркутуп алыш керек. Ушундай "бизнес” өнүгүп бара жатканын өкүнүчтүү. Негизги ушакты да "коммерциялык бизнес”, же рэкет жасаган "журналист сөөрөйлөр” жасап атышат. Эгерде, эртең бийлик муштумун көрсөтүп коюшса, алар "чээнге” кирип кетишет. Биз кыргыз журналисттери өзүбүздү-өзүбүз тизгиндебесек, эч ким бизди тизгиндей албайт.Бизде журналисттик союз, профсоюз уюму эмнени иштейт билбейм? Азыркы күндө орус тилдүүлөр жана кыргыз тилдүүлөр, бийликти жактагандар жана бийликке каршы чыккандар болуп ит тартыш кылбай, кандайдыр бир жалпыга кадыр-баркы бар журналисттер чогулушуп, "тегерек стол” өткөзүп, журналистикадагы "рэкетчиликке” каршы чыкпасак, эртең таланттуу жаштардан кур калып, журналистика бир гана "коммерцияга” жем болору бышык.


Булак:kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter