25 февраль 2013, 10:25

Бөдөш Мамырова,ЖК вице-спикери: "Кумтөр" тууралуу митинг болуп, чыкпаса деле, үчөөнү башка бир нерсе таап, баары бир камамак окшобойбу?"

 Парламентте да үч депутат тууралуу көптөгөн жолу маселе көтөрүлдү. Сиздин оюңузча, Ташиев, Жапаров жана Мамытов кесиптештериңиз эмнеге абакта олтурушат? 
- Жеке менин пикиримде, ЖКнын ушул үч депутаты "Кумтөр" маселесин көтөрбөсө, аны мамлекеттик деңгээлдн чечели дебесе, башынан туура эмес түзүлгөнүн айтпаса, азыр биздин арабызда олтурмак. "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын дагы отчетун карадык. Аны комитеттер, фракциялар, көпчүлүк, азчылык коалициялар капкачан карап, чечим чыгарган. Бирок, эмдигиче парламент жыйынына чыгарылбай келет. Эмнеге? Же көмүскөдө дагы соодалашуулар болуп кеттиби? Мамлекеттик комиссиянын корутундусунун Жапаровдукунан анчалык айырмасы жок, демек, үчөөнө коюлган айып өзгөрүш керек эле да... Ушундан кийин аргасыз бир ойго келдим: эгер "Кумтөр" тууралуу митинг болуп, чыкпаса деле, үчөөнү башка бир нерсе таап, баары бир камамак окшобойбу? Аргасыздан ушул жыйынтыкка келесиң. 
- Ошондо өкмөттүк комиссия да Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын тапкан фактыларын моюнга алдыбы? 
- Бардыгы болбосо да, 80-85 пайызы дал келип жатат. Менин колума "Ууланган Кумтөр баяны" китеби тийди. Анда комиссия төрагасы катары Садырдын докладынан баштап, өтө олуттуу фактылар келтирилген. "Кумтөрдө" буга чейин эле чалгындоо иштери бүтүп, 1978-жылы Кыргыз ССРинин жетекчилери тарабынан пайдаланууга берсе болору тууралуу документке кол коюлган. Ага ылайык, чалгындоого кеткен чыгым 39 миллион рубль акчаны түзгөн. Ал кезде рубль доллардан да күчтүү эмес беле. Мына ошол 39 миллион биздин мамлекет тарабынан жумшалды. Демек, канадалык инвесторлор бул чыгымды бизге төлөп бериши керек болчу. Садырдын комиссиясы андан тышкары иштетүүгө 170 миллион доллар ашыкча чыгымдалганын аныктаган. Аны да ар кандай жол менен жасашып, эптеп кыргызды тоноону гана максаты кылышыптыр. Мындай фактылар абдан көп. Парламентте С.Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн видеотасмада ыраматылык Абсамат Масалиевичтин сүйлөгөн сөзү келтирилген. Ал айтып атат, "Бул байлык Кыргызстанга жаратылыш тарабынан кайра берилбейт, ошондуктан абдан кылдат мамиле кылгыла, көтөрүп келген реструктуризация мыйзам долбооруна таянып, менчикке чыгаргылары келүүдөө, ушуга жол бербейли. Себеби, "Кумтөрдө" жалгыз эле алтын эмес, дагы канча баалуу металлдар бар, анын да тагдырын ойлогула",- деп. Ошондон бери канча жолу комиссия түзүлдү, ушуну эмнеге алып чыккан жок? Садыр Жапаровдон башка бирөө айттыбы ушуну? Аффинаж жасоодо активдүү көмүр калдыгына да алтынды чайкаса болот экен. Аны Кара-Балтадагы комбинатта жасап, мыйзамсыз алып чыкканы тууралуу Сокулуктун прокурору иш козгогон. Бирок, иш дароо жабылып, алтындар кайра "Кумтөрдүн" сейфине түшүп калган. Башкача айтканда, "Кумтөрдө" канча килограмм алтын өндүрүлүп, канчасы так кетип, канчасы калганы эч качан көзөмөлгө алынган эмес.
- Ал аз келгенсип, салыктарын да биздин аткаминерлер кечип жүрүшкөнүн Садыр Жапаров айтып жатпайбы... 
- Бул дагы С.Жапаровдун комиссиясы алып чыккан ачуу чындык. "Кумтөрду" салыктан бошотуу боюнча чечимдерде азыркы президент, андагы премьер-министр Атамбаевдин, ошол учурда Адилет министрлигинде статс-катчы, учурда Башпрокурор Салянованын колдору турат. Документтердин түп нускасы Жапаров тарабынан чыгарлыган китепке чыгыптыр. Д.Үсөнов да жүрөт. Ошондуктан, миллиондогон карыздарын кечип ийгендиги, экологияга орду толгус зыян келитирген компанияны колдогондугу үчүн Салянова, Үсөнов, Атамбаевдин жоопкерчилиги каралышын айтып атат докладында Садыр Жапаров. (Садыр Жапаровдун сотто айтканына караганда, Салянова КОК менен КГК 1,5 миллиард сом салыктан карыз болуп калгандыгы тууралуу премьерге справкасын берген. Аны жоюштун жолун издегенде Салянова айткан өкмөт башчысынын буйругу керектигин айткан. 2-декабрь 2009-жылы Үсөнов салык инспекциясына кат жазып, 15инде өз распоряжениеси менен карызды жойгон. "Ошондуктан, муну ачык айткан Салянованын өчү бар менде. Депутаттардын алдында муну ачык айткам",- дейт Жапаров. - Редакциядан.)
- Садыр Жапаров буга чейин ушунун баарын эмнеге айткан эмес? Кайда жүрдү эле? 
- СИЗОдо олтуруп жаткан Садырдын кайрылуусунда бул тууралуу кеңири сөз болгон. 2005-жылы революциядан кийин, С.Жапаров президенттик шайлоодо Ысык-Көл боюнча координатор болуп бекитилген. Штабтарды ачып иштей баштаганда Садыр Алмаз Атамбаевге жолугуп, "Кумтөр" маселесин чечип, элге иштетүү керектиги жөнүндө маселе койгон. Ошондо Атамбаев: "Садыр, Акаевди неге кубаладык, алар ушуга окшогондун баарына минип олтурушкан, мен 100 пайыз колдойм, элге өтүш керек",- деген. Кийин Чүй жайлоосунда эс салып жатканда Бабанов менен барып дагы ушул маселени козгогондо, Атамбаев: "Азыр бул маселе чечилбейт, себеби Акаев Бакиев менен алмашты, бул кеткенден кийин гана маселе оң жагына оойт",- дептир. Азыр Атамбаевдин ошол сөзүндө кандай туруп жатканына күбөбүз. Көрсө, Садыр Көлдүн уулу катары "Кумтөрдү" мурда деле козгоп, көтөрүп жүргөн экен. Бүгүн эми азабын тартып, эркинен убактылуу болсо да ажырады.

- Үч депутаттын сот иши акыйкат өтүп жатабы? 
- Акыйкат сот системасы кагазда калып кетти. Жогорку соттун судьялары биздин электен өткөн, алардын бул депутаттар боюнча баш коргоо чарасын мурункудай калтырган чечимин көрдүк. Бүгүн жергиликтүү соттор да президентке көз каранды, себеби тандоо комиссиясынан өткөн соң, президенттин буйругу менен дайындалышат. Ошол үч депутатка байланыштуу соттук териштирүү башталганда адвокаттардын, коомдук жактоочулардын аргументтерин уккан соң мамлекеттик айыптоочулар, судья да алдастады. Анткени кыянат иш да бул, туура эмес жүргүзгөн иш баары бир ойго салат. Буларга тагылып жаткан оор беренелердин тегерегинде сөз жүргөндө эле баары жер карады. Туура эмес 4 айдан бери камакта кармап олтурганы да судьянын астында ачыкталды. Аны ал кандай кабылдады, билбейм. Себеби, буларга тагылган беренелер боюнча айыптар тастыкталбады. Мына, мамлекеттик айыптоочулардын өздөрү ошол күнү бийлик тараптан эч ким жумушунда жок экенин айтууда. Бийликти тартып алыш үчүн аны ала турган субъект керек да. Демек, Ташиев дарбазадан ашып түшүп, бийликти өзүнөн-өзу алабы? Маселен, 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдө Бакиев олтурган. Нааразы болгон эл ага каршы чыккан. Каршылык көрсөткөн элге. А 3-октябрда Ташиев эмес, башкасы келсе да Ак үйүндө эч ким жок болчу, бийликте пустой вакуум өкүм сүргөн. Азыр Ак үй тегерегинин мыйзамдуулугу да каралып атат. Анткени Ак үйдү курчаган тосмо мыйзамсыз, Бакиев тарабынан 2007-жылкы митингдерден кийин курулган. Дагы бир кызыгы - коюлган айыбы үч депутатка да бирдей, жансакчыларына да, Кубатбек Кожоналиевге да бирдей. Бир айыпты жазып, жетөөнүн фамилиясын коюп алган. Андай болбойт да, ар кимисинин кыймыл-аракети ар башка болгон. Ошол эле жансакчылар кожоюнун коргош үчүн баарына даяр болушу эп. Отко кирсе кошо кирип дегендей. Бул жагынан алып караганда аларды не кармап олтурушат абакта?, - деп билдирди Б.Мамырова "Майдан.kg" гезитине берген маегинде.

Булак: kyrgyztoday.kg

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter