25 февраля 2013, 10:31

Расул Мирзаев абактан спортко кайтып келди

Расул Мирзаев абактан спортко кайтып келди

 Бир жарым жылдан бери абакта олтуруп чыккан Расул Мирзаев спортко  кайтып келди. Бирок, тилекке каршы жакшы ийгиликке жетише алган жок. Жакында эле каймана  Кара тигр (Черный Тигр) ысым менен белгилүү болгон спортчу Белгороддогу самбо боюнча мелдештен эки жолу утканы менен турнирге катышууга мүмкүнчүлүк ала алган жок.

Самбо боюнча башкы машыктыруучусу Александр Конаковдун айтымында, Расул Мирзаев Орусиянын чемпионатына катыша албайт. Анткени ал алгачкы эки кармашууну жеңгени менен үчүнчүсүнүн колдон чыгарып жиберген. "Мирзаев абактан чыккандан бери тиешелүү формага келе элек. Кармашууга тажрыйбасы аздык кылып, каршылашын сезбей жатат. Бирок, мен ишенем ал,  келечекте өзүнүн мурунку чемпиондук деңгээлине жетет ”- деди машыктыруучусу.

Эске сала кетсек, Расул Мирзаев бир жарым жыл мурун "Гараж” түнкү эс алуу клубунун жанында чыр- чатак чыгып,  Иван Агофонов атуу студентти өлтүрүп алган. Катуу сокку алган Иван асфальтка башы менен катуу тийип, эс- учун жоготуп койгон. Үч күндөн кийин ал каза болгон. Ал эми Мирзаев этиятсыздык менен өлүмгө себепкер болгон деген статья менен эки жылга абакка кесилген. Сот чечими чыкканга чейинки отурган күндөрү эсепке алынып, ал бир жарым жылда абактан чыккан


булак:kyrguz today
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter