25 февраля 2013, 10:37

Ибрагим Жунусовдун “воробейи

Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов орус драмтеатрынын директору Б.Воробьев менен "воробей” тебишке түшүп, кимисинин жүнү учканын ким билсин, айтор, пырпырап” эле жатып калышкан. Негизи эле бардык ММКлар "өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип” көнүп алган Борис мырзаны ордуна коюу аракетин колдоп чыгышкан. Анан эле шердене түшкөн министр мырза көзү-башын аарчып, жуккан жүн-пүндү күбүнүп, бою-башын түзөй салып: "Министрлик ММКлардын, менчигине карабай, лицензия алышын көздөп жатат” дей салбаспы. Муну уккан Көк үй, тагыраагы, өкмөт көмкөрөсүнөн кете жаздады. Ашып-шашып өзүнүн маалымат кызматы аркылуу: "... министрдин айткандары учурдагы "Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзамына карама-каршы келет” деп жиберди. Каап, олчойгон министр болгондон кийин, ойлонуп  "урдурса” болмок экен” деп биякта туруп ыңгайсыз абалда калдык. Анткен менен ооздон чыккан сөз "воробейден” бетер кайтып келбейт экен... Учуп кетип конбой жатат... Кантсе да И.Жунусов маданият министри эмеспи, Ниязалы комузчунун булбулду комуз чертип кондуруп алганын билет окшойт, кыягын алып кыңкылдатып көргөн экен, тиги, жакшы эле жакындап келаткан "воробейи” конмок турсун жалт берип, Ак үйдү беттей учуп, ошондон ары көрүнбөй калды дейт. (М.Э)

Булак: "Алиби” 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter