25 февраля 2013, 10:45

Азизбек Келдибеков, журналист: “РФ дөө” менен “АКШ дөө” кармашса, ортосунда “КР чымын” кырылбайбы?

Азизбек Келдибеков, журналист:

 

 

"Эки дөө кармашса, ортодо бейажал чымын өлөт” деп коёт. Акыркы мезгилде дүйнөлүк аренада Россия Федерациясы менен Кошмо Штаттардын ортосунда тирешүүлөр болуп келет. Жакында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев АКШнын элдешкис душманы Кубага иш сапары менен барып келди. Бул дагы тирешүүлөрдү күчөтүүдө. Кыргызстандын аймагында да алардын тирешүулөрү сезилүүдө. Муну өз башыбыздан деле өткөрдүк.

Акаевдин диктатурасын кулатууга АКШ каржы жардамын аяган эмес. Ал жак КЭКти - Кыргызстан элдик кыймылын ачыктан-ачык эле колдогон. Бакиевдин жылма саясаты Россиядан ооп, Батышты көздөй ыктап баратканын сезген Москва, ошол мезгилдеги БЭКке - Бириккен элдик кыймылга достук жардамын аяган жок. Ошентип, эки революцияны жасаган адамдар "бакма балдарга” айланып, аларды "багып алган аталары” демөөр берип турду. Эми матч-реваншты Батыш алгысы келип турат.

Бишкектин азыркы саясаты Москвага ооп турганы Вашингтонго жаккан жок. Анын Ганси авиабазасын 2014- жылы колдон келсе чыгарып кеткиси келбейт. Анткени жаңы шайланып келген Барак Обама 2014-жылдын аягында Ооганстандан аскердик күчүн чыгарып кетүү тууралуу айтты. Ооганстанга аскердик күч 2001-жылы Нью-Йоркто болгон террористтик жардыруулардан кийин талибандарга каршы киргизилгенин, ошол террористтерге каршы Бишкекте Ганси авиабазасы түзүлгөнүн эске алсак, эми бул аймакта өз таасирин сактап калыш үчүн  "АКШ дөө” базасын чыгарбоого аракет жасайт. Ал үчүн акча каражатын да аябайт. Ошондуктан, бүгүнкү бийликке каршы күчтү ачык же жабык колдоого алат. Мунусу менен "АКШ дөө” көп нерседен утат.

Биринчиден, эгер оппозиция күч алып, бутунан туруп бийликке каршы чыкса, бийликти алмаштырууга өбөлгө түзүлөт да, Батыш саясатын колдогон күчтөрдү алдыга түртөт. Бул саясаттын репетициясы ишке ашкан. Президент Атамбаев да, премьер-министр Бабанов да Россияга багыт алган саясатчылар болгон. Батыш өзүнүн Башмыйзамын таңуулап, өткөртүп алган батышчыл Текебаев аркылуу Атамбаев менен Бабановдун ортосуна чок ыргытат. Текебаевдин жалгыз күчү бул өкмөттү алып түшүугө жетмек эмес. Ошондуктан, Батыш Россия тарапка ниеттенгени менен, саясатта дайыма  олку-солку орду бар "Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду бул күрөшкө тартат. Күрөшкө чекитти КСДП партиясы коймок. КСДП "Республика” партиясы менен биригип, "Ата Журтту” өзүнө тартып кайра коалиция түзсө болмок. Же болбосо, "ва-банкка” барып парламентти таратса да болмок. Бирок, алар өнөктөшү "Республиканын” башын аттап кетишти.

Азыр Батыш Текебаев баш болгон батышчылардан кол үзбөйт. Бекназаров баш болгон радикалдуу оппозицияны да, Келдибеков баш болгон конструктивдүү оппозицияны да колдойт. Эгерде, Бабанов партиясы менен бийликке каршы оппозицияга өтө турган болсо, аны да колдоп берет. "Республика” партиясы ашык акчадан баш тартпайт. Кокус бийлик алмаша турган болсо, "АКШ дөөнүн” бир гана шарты - "Ганси” авиабазасы Кыргызстанда калат. Экинчиден, мейли бийликти алмаштырууга күчү жетпесин, баары бир Батыш өзүнүн "быкпырдай кайнаган” "бекер тамак” бейөкмөт уюмдары, радикалдуу жана конструктивдүү оппозицияын колдоосу менен, батышчыл Текебаевге окшогондору менен бийликке таасир этип Гансини чыгарбоого аракет кылат. "АКШ дөөнүн” башка айласы жок. Ал Ташкен менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ооганстандан чыгара турган курал-жарактарын бул жакка калтырып, аскердик базасын ачууга бел байлап турган. Буга көңүлдөнүп турган Ташкен, акыркы мезгилде айныгандай сыяктуу. Ташкен да ойлоп атат, америкалык курал-жаракты алуу менен бирге чыгып кеткен Американын душмандарын бүт өзүнө багыттап албайбы? Бул чөлкөмдө атому бар Иран, согушчан талибандар - Американын душмандары. Америка болсо кетет. Ташкенге Москвадан артык ким жардам берет? Өзбекстандын ичи да Самаркан, Ташкен кландары тирешип, көңүл жубатарлык эмес. Бир жагынан Рогун ГЭСин курабыз деп тажиктер жүрөктун сары суусун алса, бир жагынан Камбар-Ата ГЭСин курабыз деп кыргыздар турат. Камбар-Ата ГЭСи курулса да өзбектер суусу жок калышпайт. Тажиктер ГЭС кура турган болсо, өзбектерге суу бербей коюшу мүмкүн. Тогуз миллион калкы бар тажиктер Ташкен менен тирешүүдөн чочушпайт. Себеби, "токсон боолуу” өзбектердин арасында, деги эле Бухара, Самарканда тажик калкы Дүйшөмбүнү колдошору анык. Өзбекстан бөлүнүп кетиши мүмкүн, ал эми Тажикстан күчтөнөт. Ошондуктан, Каримов былтыркы жылдары Батышка таянып, суу үчүн согуш чыгып кетиши мүмкүн деп айтып жатса, быйыл Борбордук Азия өлкөлөрү ынтымакта бололу деп атат. Анткени, тышкы күчтөр, эгерде кичине эле шынаа табылса, бул аймакка шап жабышат. Ал эми шынааны баягы эле биз, кыргыздар, ачып бере тургандайбыз. Батыш Борбордук Азияны айланып карап Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстанда бийлик алмаштырууга мүмкүнчүлүк таппай, баягы эле айланып Кыргызстанга жабышууда.

Бирок, Кыргызстанда бийлик алмаштыруудан "толк” деле жок. Бийлик миң алмашса да, Кыргызстан, балким, арабдарга таасир этер, бирок Борбордук Азияга таасир эте албайт. Кокустан КРда кайрадан бийлик алмашса, дүйнө эли "баягы кыргыздар” деп кол шилтеп коёт. Кошуна-ашыналар чек арасын жабат. Эгерде "РФ дөө” жүз буруп кетсе, анда абдан чатак болот. Бүгүнкү күнү бийликти тез-тез алмаштыра бергенден биз утулабыз. Биз Башмыйзамга акчасы бар, акылы аздар иштебей, жаш, инерциялуу депутаттар келиши үчүн Жогорку Кеңешке шайлоолорго өзгөртүү кийирүүбүз керек. "РФ дөө” менен "АКШ дөө” кармашса кармаша берсин, биздин КР кырдаалды карап, өзүбүздүн пайдабыз үчүн аракет кылышыбыз керек. Эң негизгиси - бизге стабилдүүлүк керек. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "Кыргызтудэй

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter